Copyright: ©

Кыргызстандагы эмдөө: таржымалы

06.05.2024 / Просмотров: 3892

Кыргыз Республикасынын аймагында эмдөөнүн тарыхы совет доорунан башталат. 

Биринчи эмдөө – алгачкы жеңиш 

Чечек оорусуна каршы биринчи эмдөө 1931-жылы чоң ата, чоң энелерибизге жасалган. Ошол жылы эмдөө абдан жигердүү өткөн. Беш жылдын ичинде Кыргыз ССРинин аймагында чечектин таралышын дээрлик токтотуп калууга мүмкүн болгон. 

Ошол маалда көчмө медициналык кербендер калк арасында өтө таанылып калган. Дарыгерлер оорулууларды дарылап, эмдөөдөн өткөрүп, балдарга жана кары-картаңдарга кам көрүү багытында кеңештери менен жардам берип келишкен. Бул көчмө дарыгерлердин жардамы баа жеткис болду. 

1940-жылы чечек, холера жана кара тумоо оорулары биротоло жок болуп, аталыштары тарыхта гана калды. 1926-жылга салыштырмалуу көз жумгандардын саны эки эсе азайган – совет бийлиги мындай көрсөткүчкө анын ичинде эмдөөнүн жардамы менен да жете алды. 

Алга жана алга! 

Убакыт өтүп, эмдөөлөрдүн советтик календары да түзүлгөн. 70-жылдардын башында СССРдин жашоочулары кургак учук, полиомиелит, чечек, кептөөр (дифтерия) өңдүү бир кыйла жугуштуу ооруларга каршы эмделген. 

Полиомиелитти жеңүү – эмдөөнүн тарыхында эсте калаарлык окуялардын бири. Бул оорунун атайын дарылоо ыкмасы жок, аны алдын-алууга гана болот. Полиомиелит дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген балдарды майып кылып келген оору. 1952-жылы америкалык дарыгер полиомиелитке каршы вакцинаны жасаган. Ошентип, АКШда жана Европада оорудан азап чеккендердин саны кескин азая баштаган. Өз кезегинде, 1988-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) дүйнө жүзү боюнча полиомиелитти жок кылуу боюнча программасы башталганын жарыялаган. Жыйынтыгында 1994-жылы АКШ, 2000-жылы Кытай, Жапония жана Түштүк Корея, 2002-жылы Европа жана 2004-жылы Түштүк-Чыгыш Азия полиомиелит оорусунан эркин деп аталды. 

Кыргызстанда полиомиелит 1993-жылдан бери каттала электигин, ал эми 2002-жылдан бери республика полиомиелиттен эркин өлкө статусуна ээ болгонун белгилей кетели. 

Кептөөр (дифтерия) – адамдын өмүрүн алган өтө катуу оору да акыры жеңилди. Бул оору Кыргызстанда 20 жылдан бери каттала элек. Буга 1994-1995-жылдары калк жапырт эмдөөдөн өтүп, натыйжада жамааттык иммунитет пайда болгону себеп. 

Эмдөө бир орунда турган жок  

Кыргыз Республикасынын Эмдөөлөр календарында бүгүнкү күндө да жаңы белгилер пайда болууда. 

В вирустук гепатитине каршы биринчи вакцина 40 жыл мурда чыккан. 2000-жылы Кыргызстанда балдар В вирустук гепатитине каршы жапырт эмдөөдөн өтө баштагандан кийин балдар арасында бул ооруга кабылгандардын саны кескин төмөндөгөн, муну эпидемиологиялык көзөмөлдүн маалыматтары да тастыктайт. 

Кыргыз Республикасында калкты пландуу эмдөөнүн натыйжасында жаңы төрөлгөн ымыркайларда вакцина менен башкарылуучу кептөөр, селейме, кургак учук менингити, ал эми 19 жашка чейинкилердин арасында В вирустук гепатити катталбай калды. 

2019-жылы ДСУ Кыргызстанды кызылча оорусунан эркин өлкө деп тааныган. Акыркы жылдары ГАВИнин, ДСУнун жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстандын Улуттук эмдөөлөр календарына бир нече вакциналар киргизилди. Мисалы, 2016-жылы пневмококк вакцинасы, 2018-жылы полиомиелитке каршы инактивацияланган вакцина, 2019-жылы ротавируска каршы вакцина киргизилген. 

2022-жылдан бери Кыргызстанда 11-14 жаштагы кыздар адамдын папиллома вирусуна каршы эмделип келатат. Бул келечекте эне болчу кыздарды жатын моюнчасынын рагынан коргоп калууга мүмкүндүк берген вакцина. 

Прогресс илгерилеген сайын биз балдарыбызды дагы башка көптөгөн жугуштуу оорулардан коргой алабыз. 

Маалымат үчүн: Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы (ЕЭЖ) өтүп жатат. Өнөктүк жыл сайын ДСУнун Европа чөлкөмүндө өткөрүлүп келет. Өнөктүк оорулардын алдын алып, адамдардын өмүрүн коргоп калуу үчүн зор мааниге ээ болгон эмдөөнү кеңири таанытууга багытталган. 

ЕЭЖ биринчи жолу 2005-жылы өтүп, ага чөлкөмдөгү бир нече гана өлкө катышкан. Ар бир бала вакцина менен алдын алууга боло турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укуктуу деген маалыматты жайылтуу менен эмдөөнү мүмкүн болушунча көбүрөөк адамга жеткирүү – бул демилгенин максаты. 

ЕЭЖ бир заматта чөлкөмдөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү таанымал өнөктүктөрдүн бирине айланып, ушул тапта ДСУнун жана ЮНИСЕФтин долбоорунун колдоосу менен Кыргызстанда да ишке ашырылып жатат.
 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

18.05.2024
Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Ысык-Көл жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу иш-чарасы болду. Автоунаалардын ачкычын КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

 Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасын өткөрүп бергенин, анын бири мурда Тамчы айылындагы тез жардам пунктуна, дагы үч унаа Балыкчыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна, Боом капчыгайындагы тез жардам пунктуна жана Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тапшырылып жатканын билдирди.

«Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган тез медициналык жардам унааларынын тапшырылышы Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна тез медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

18.05.2024
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.


 

 

18.05.2024
Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында, Бишкек шаарында маанилүү юбилей - академик Иса Коноевич Ахунбаев жасаган Борбордук Азиядагы алгачкы жүрөк операциясынын 65 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү VII Эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуучуларга жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго амандашуу сөзү менен ачылды.

Министр өз сөзүндө көрүнүктүү академик, хирург жана таланттуу дарыгер – Иса Коноевич Ахунбаевге терең ыраазычылык билдирди, анын эмгеги аймактагы медицина тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге башат болгон. Бул конференция тажрыйба жана билим алмашууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, биз кесиптештердин идеяларынан шыктанып, илимий жана практикалык билимибизди тереңдетип, адамдардын ден соолугун жана жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди жана технологияларды издөөдө бириге турган жайга айланат.

Талкуунун негизги темалары жаңы технологияларды, дарылоо жана диагностикалык методдорду, ошондой эле келечекте медицинаны өнүктүрүүнүн перспективаларын камтыды.

Мындан тышкары 19-майда Ысык-Көлдө салттуу веложүрүш жана Тору-Айгыр айылындагы И.К. Ахунбаевдин эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.