Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

18

05

2024

Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

18.05.2024

Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

18.05.2024

Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

19.04.2024
Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

 

Министр өз сөзүндө ден соолукту чыңдоо, алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу азыркы дүйнөнүн эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири экенин, ошондуктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

«Өлкө калкынын саламаттыгы 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө калктын саламаттыгына кам көрүү маселеси мамлекеттин көңүл борборунда. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго терең ыраазычылык билдирем, анын колдоосу менен бул курулуш башталып, 600 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнүп жатат. Каракол шаарындагы жаңы облустук оорукананын курулушу облустун тургундарына көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатат».

 

Жалпы аянты 6200 м2 болгон 350 орундуу оорукана 5 блоктон турат, анда консультациялык-диагностикалык бөлүм, операциялык бөлмөсү бар хирургиялык жана травматология бөлүмдөрү, ЛОР, көз, терапия, онкология, балдар жана башка бөлүмдөр каралган, ошондой эле лаборатория, ашкана, кир жуучу жай, кампа ж.б. уюштурулат.

Мындан тышкары, оорукананын аймагында МОРГ, ТП, кислород станциясы, откана, автопарковка, генератор орнотулат.

17.04.2024
Бишкекте Кыргызстандын кургак учукка каршы күрөшүү кызматындагы комплекстүү реформалардын жетишкендиктери жана туруктуулугу талкууланды

Бишкекте “USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” демилгесинин алкагында иштелип чыккан комплекстүү реформалардын жетишкендиктери жана туруктуулугу” деген темада конференция өттү.

Конференция USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” беш жылдык долбоорунун жардамы менен Кыргызстандагы кургак учукка каршы саясатты жакшыртууну талкуулоого арналган. Анын ичине кургак учукту аныктоо, дарылоо, алдын алуудагы жетишкендиктер, инновациялар жана туруктуу өнүгүү стратегиялары кирген. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өлкөдөгү кургак учукка каршы күрөшүү боюнча аракеттерин колдоого багытталган.

Конференцияга КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов, КР Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары  Медер Исмаилов, Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Лиз Зентос, ошондой эле медицина кызматкерлери, өнөктөштөр жана USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун адистери катышты. 

 

Конференциянын жүрүшүндө кургак учуктун лабораториялык диагностикасынын системасын чыңдоо, кургак учук менен ооругандарды активдүү аныктоону киргизүү тажрыйбасы, кургак учук боюнча областтык консилиумдун иши, ийгиликтүү дарыланган учурларды верификациялоону жана «кургак учук менен ооругандарды башкаруу» тажрыйбасын киргизүү, Кыргызстанда кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча баяндамалар угулду, ошондой эле кургак учук темасын сапаттуу чагылдыруу үчүн журналисттердин дараметин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.

 

Кыргызстанда кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык белгиси катары КР Саламаттык сактоо министрлиги USAIDге Ыраазычылык катын жана анын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.

 

Маалымат үчүн:

 

USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө дары-дармекке туруктуу кургак учукка өзгөчө көңүл буруу менен, кургак учук менен ооруган адамдарды диагностикалоодо, дарылоодо жана айыктырууда колдоо көрсөтөт. Долбоор эл аралык сунуштамаларга ылайык Кыргызстандын кургак учукка каршы аракеттенүүсүн күчөтүү үчүн системаларды, шаймандарды, ресурстарды жана кадрдык потенциалды чыңдоого багытталган.

17.04.2024
Саламаттык сактоо министри Талас облусундагы көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 17-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасын кыдырып көрүп, оорукананын абалы менен таанышты. Анын жүрүшүндө кардиология бөлүмүнө ангиограф аппаратын алуу боюнча маселе көтөрүлүп, чечип берүү жагын караштарын айтып, дарыланып жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды.

 

Андан соң Талас областтык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда болуп, ал жердеги көйгөйлөр менен таанышты.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен биргеликте Талас медициналык колледжине интерактивдик панель, компьютер, принтер сыяктуу заманбап жабдууларды тапшыруу аземине катышты. Колледждин эмгек жамааты менен жолугушууда учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири болгон ремонт иштерине жардам берерин убада кылды. 

 

Мындан тышкары, Талас облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы көйгөйлүү маселелер менен таанышып, элге шарттарды түзүү максатында ремонт иштерин бүткөрүү керек экенине токтолду.

 

Талас облусунун медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, анда айлык маяна, депозит, турак жай, ипотека, жумуш орундары боюнча маселелер көтөрүлдү.

16.04.2024
Кенелер ойгонду

Кенелердин активдүүлүгүнүн мезгили келди, суук түшкөнгө - кеч күзгө чейин созулат.

Кене энцефалити – бул биринчи кезекте борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Оорунун кесепеттери майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене энцефалитинде адам өзүн алгач алсыз жана начар сезет. Болжол менен бир жумадан кийин бул симптомдор басаңдашы мүмкүн, бирок андан кийин катуу баш оору жана жогорку дене тап менен коштолгон экинчи фазасы пайда болот.

Оорунун мезгилдүүлүгү жана оорунун негизги белгилери

Оору кенелердин эң чоң активдүүлүгүнүн мезгили менен байланышкан жаз-күз мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт (апрель-сентябрь). Инкубациялык мезгил (инфекция жуккан учурдан тартып оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейин) адатта 1 күндөн 60 күнгө чейин термелүү менен 7-14 күнгө созулат.

Оору катуу башталып, чыйрыгуу, катуу баш оору, температуранын 38-39 градуска чейин кескин көтөрүлүшү, жүрөк айлануу, кусуу менен коштолот. Бейтапты көбүнчө моюн жана ийинде пайда болгон ооруксунуу, көкүрөк жана белдин арткы бөлүгүндө, буту-колдогу булчуңдардын оорушу тынчсыздандырат. Бейтаптын көрүнүшү: бети кызарып канга толуп (гиперемия), кийинчерээк ал тулку боюна тарайт.

Эгерде адамда жогоруда аталган оорунун белгилери болсо, анда дарылоо-профилактикалык уюмдарга тез арада медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылат?

Бардык адамдар жашына жана жынысына карабастан кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушу токойдо жүрүү менен байланышкан жарандарда (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, авто жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) жуктуруп алуу тобокелдиги жогору. Шаардын жашоочулары шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарда, бакчаларда жумуш жана эс алуу учурунда жуктуруп алышы ыктымал.

Табиятта кене чаккандан кантип сактануу керек?

Жаратылышка эс алууга чыкканда жабык, ачык түстөгү кийимдерди кийүү талапка ылайык. Кийимдин ичине кене кирип кетпеши үчүн шымды өтүктүн ичине же калың резинасы бар байпактарга кыстарып коюу керек. Үстүнкү кийимди (көйнөк, куртка) шымга шымдап, жең манжети колго жабышып турушу шарт. Баш жана моюн жоолук менен жабылышы керек.

Кенелерден коргонуу үчүн дененин ачык жерлерин жана кийимдерди курт-кумурсканы качыруучу аэрозоль, мазь, крем ж.б.(репелленттер) менен сүртүп алса болот.

Кене вирустук энцефалитинин табигый очогу болгон учурда ар бир 30 мүнөт сайын кийимди жана денени текшерип, кийимге жабышкан кенелерди түшүрүп туруу керек.

Үйгө кайтып келгенден кийин бардык кийимдерди чечип, баштын терисин кылдат текшерип, эс алуудан алып келинген жууркан, дасторкон, сумкаларды силкип, күнгө илип коюңуз.

Кененин көп жабышкан жерлери — кулак, көкүрөк, колтук, моюн, табарсык, курсак жана белдин ылдыйкы бөлүгү.

15.04.2024
ОшМУнун базасында боор алмаштыруу операциясы жасалат

ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУга болгон сапары учурунда айтты. Аталган клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат.

“Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаж жарандардын саны жыл санап өсүп келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы С.Жапаров Турциянын президенти менен сүйлөшүп, бул багытта кыргыз адистерин даярдоо жана көмөк көрсөтүү макулдашылган. Ага ылайык, ОшМУнун клиникасындагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштым. Клиникада бардык шарттар жеткиликтүү, болгону айрым техникалык аппараттарга буюртма берилиптир, май айында келери күтүлүп жатат. Буюрса ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт”, - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев университеттин 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулуш иши менен таанышты.  Ак-Буура кампусундагы медицина факультеттерин, “Ден соолук” кербени, окуу-илимий лабораториялык комплекстерин, виртуалдык клиникаларды көрүп чыкты.

Министр университеттин медициналык клиникасында болуп, биохимиялык, клиникалык жана цитологиялык лабораториясы, санариптик флюорография кабинети, ультра диагностикалык изилдөө кабинети, жандандыруу жана операциялык бокс жана кардиохирургия бөлүмдөрүндөгү бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

15.04.2024
Саламаттыкты сактоо боюнча,Кыргыз Республикасында вирустук гепатиттин, ВИЧтин алдын алуу жана кызамыктын очогун жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын маселелерин кароо боюнча координациялык комиссия

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен 11-апрелден 13-апрелге чейин Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында саламаттыкты сактоо боюнча координациялык комиссиянын көчмө жыйыны уюштурулду.

Жыйындар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Саламаттыкты сактоо боюнча координациялык комиссия иш-чаралардын натыйжалуулугун жана калкка маалымат жеткирүүнүн натыйжалуулугун төмөндөтүүчү тоскоолдуктарга байланыштуу бир катар орчундуу маселелерди аныктайт. Бул жолугушуулардын негизги максаты – 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү, анын ичинде вирустук гепатит, ВИЧ менен байланышкан оорулардын жана өлүмдөрдүн санын олуттуу кыскартуу, вакцина менен алдын ала турган оорулардын алдын алуу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын 2023-жылдын 22-декабрындагы №18-10835 кызамык оорусунун очогун жоюу жана республиканын аймагына андан ары жайылышын болтурбоо боюнча протоколдук буйругун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Бул иш сапарлардын алкагындагы маанилүү иш-чаралардын бири министрдин орун басары Айжамал Шамбетова менен аталган аймактардагы Гепатит жана ВИЧ инфекциясына каршы күрөшүү коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Жолугушууда бейтаптар дарылоо, эмдөө, органдарды трансплантациялоо, реабилитациялоо жана лабораториялык диагностика маселелерин көтөрүштү.

15.04.2024
Сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык абал

   Оперативдүү маалыматтар боюнча 2024-жылдын 15-жумасында (04.08-14.04.24) республика боюнча өткөн жумага (14-жума и.к. 58,9) салыштырмалуу КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 3775 (и.к. 53,2) катталып, -10%га төмөндөдү. Бардык оорулардын 69,6%ы 14 жашка чейинки балдар.

Октябрдан бери 2033 үлгү алынды, анын 317си оң, анын ичинде А тумоосунун 234 учуру - 73,8% (анын ичинде H3N2 –231, A/H1N1pdm-3), В грипп – 0,3% (1), COVID-19 –25,9% (82). Лабораториялык жыйынтыктар боюнча эпидемиялык мезгил A/H3N2 тумоосу менен шартталган.

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы бар, риновирус басымдуулук кылат – 32,2% (184), РС вирусу – 23,8% (136), I-IV парагрипп – 16,8% (96), башкалар – 27,2% (156).

Оорунун деңгээли республикалык көрсөткүчтөн (53,2-б.) жогору Бишкек (90,9), Ош (166,5) шаарларында жана Ысык-Көл (92,0), Баткен (67,2) облустарында катталууда.

Республикада COVID-19 инфекциясына жумалык мониторинг уланууда. 15-жума ичинде Бишкек шаарында 1 учур катталды.

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

#грипп #эпидемиологиялык абал

15.04.2024
Ош шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна оорунун козгогучтарын аныктоочу жабдуу тапшырылды

«Кыргызстанда микробго каршы туруктуулуктун (МКТ) таралышын, ден соолукка тийгизген таасирин жана бактериалдык инфекциялардын экономикалык зыянын баалоо боюнча улуттук изилдөө» долбоорунун алкагында in vitro диагностикасы үчүн лабораториялык материалдар, анын ичинде Биомерье (Франция) өндүрүшүнүнVitek 2 Compact 60 микроорганизмдерди идентификациялоонун автоматташтырылган системасы сатылып алынды.

 

Жабдууну тапшыруу аземи бүгүн, 2024-жылдын 15-апрелинде Ош шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ливиу Ведраско, Ош облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Шаятбек Абдурахманов жана борбордун кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

 

Учурда дүйнөдө микробго каршы туруктуулуктун таралышы боюнча маалыматтарды чогултуунун туруктуу модели жок, ал эми Кыргызстанда ДССУнун техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасында микробго каршы туруктуулуктун таралышы боюнча пилоттук улуттук изилдөөнү баштоого даярдыктар көрүлүүдө.

 

Министр Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Ольга Тосас Аугге жетектеген ДССУнун башкы кеңсесине жана Ливиу Ведраско жетектеген ДССУнун өлкөлүк кеңсесине Кыргызстанда антибиотиктерге туруктуулуктун таралышы боюнча изилдөөнү даярдоого жана жүргүзүүгө ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Өз кезегинде мен биздин саламаттыкты сактоо уюмдарыбыз изилдөөгө жигердүү катышып, дүйнө жүзүндө антибиотиктерге туруктуулуктун таралышы боюнча биринчи пилоттук изилдөөнү ийгиликтүү өткөрүүгө өз салымын кошот деп ишендиргим келет», - деп белгиледи ал.

 

Күтүлгөн натыйжалар МКТ чөйрөсүндөгү реалдуу кырдаалга объективдүү баа берүү жана чектөө стратегиясын андан ары иштеп чыгуу, микробго каршы препараттарды (МКП) колдонуу тактикасын аныктоо, МКП менен рационалдуу жана натыйжалуу дарылоо, инфекциялардан эмпирикалык дарылоо үчүн МКПнынегиздүү тандоо, Кыргыз Республикасынын ооруканаларында көп дарыга туруктуу микроорганизмдердин жайылышын ооздуктоо боюнча чектөөчү иш-чараларды жүргүзүү үчүн актуалдуу.

 

Белгилей кетсек, бүгүн жана эртең Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы лаборатория кызматкерлери үчүн бул жабдуулардын жардамы менен оорунун козгогучтарын аныктоо жана алардын микробго каршы дарыларга сезгичтигин аныктоодогу иш процесси боюнча окутуулар өткөрүлөт. Декабрь айынын башында бул изилдөөгө катышкан ооруканалардын клиникалык кызматкерлери үчүн тренингдер өткөрүлгөн жана азыркы иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарынын клиникалык адистери үчүн кайталоочу тренингдер өткөрүлүүдө.

13.04.2024
Бишкектеги №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп, бейтаптар үчүн жаңы жакшыртууларды тартуулады

 Бүгүн, 2024-жылдын 13-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып, андагы калкка баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев жана борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев да барышты.

Оңдоо иштери 2023-жылдын төртүнчү кварталында башталып, бул үчүн бюджеттен 10,5 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Медициналык тейлөөнүн ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн регистратура кеңейтилди жана кабыл алууларды тезирээк түзүү үчүн, бейтаптардын суроо-талаптарына ыкчам жооп берүү үчүн жаңы компьютерлер орнотулду. Бул жерде санариптик чечимдер толугу менен колдонулат. Медициналык маалыматтарды ыңгайлуу жана коопсуз сактоо үчүн №6 ҮМБ электрондук медициналык картасын колдонууга өттү.

№6 ҮМБнын директору Асел Теңизбаева билдиргендей, алардын борбор катталган 102 миңдей  калкты, анын ичинен 24 миң жаш балдарды, 1700 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлеп, медицина кызматкерлери үчүн да, бейтаптар үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө колдон келгендин баарын жасап атканын белгилеп өттү.

ҮМБнын түзүмүндө «Катталбаган калкты кабыл алуу», шашылыш жардам көрсөтүү бөлмөсү, парафин терапиясы, физио-реабилитациялык бөлмө жана башка көптөгөн кызматтарды көрсөтүүчү жаңы кабинеттер уюштурулган. Мындан тышкары, №6 ҮМБ жаңы флюорография аппаратын сатып алды, имараттын бардык периметрине жана ичине видеокөзөмөл камералары орнотулду, кеңсе эмеректери жана кызматкерлердин ишин жакшыртуу үчүн жабдуулар алынып, ҮМБнын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө, калктын саламаттыгынын көрсөткүчтөрүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасы жана материалдык-техникалык жабдылышы жакшыртылып жатат. «Бир күн мурун Жалал-Абад облусунда эки жаңы оорукана пайдаланууга берилди. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан туруктуу иштер жүргүзүлүүдө, анын ичинде оорукананын жаңы имараттарын куруу, заманбап жабдуулар менен жабдуу жана автопаркты жаңылоо. Сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн бардык иштер жасалууда», - деди министр.

12.04.2024
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы курулган имаратын ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын жаңы курулган имаратын ачты.

Оорукананын курулушу 2023-жылдын май айында республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Аталган медициналык мекеменин үч кабаттуу имараты 100 орунга эсептелген. Жаңы имаратта терапия, неврология жана “жасалма” бөйрөк бөлүмдөрү жайгашкан. Жалал-Абад облустук ооруканасы 435 керебет менен жабдылган, облустун бардык райондорунан 1,2 миллион калкы бар бейтаптарды жана 135 миң калкы бар шаар тургундарын кабыл алат жана тейлейт.

Мамлекет башчысы катышуучуларды оорукананын жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, жарандардын ден соолугу мамлекеттик саясаттын приоритети экенин белгиледи. Ал оорукана ар кандай кызматтарды сунуштоо менен дартына даба издеп келгендердин муктаждыктарын канааттандырат деп ишенет.


Садыр Жапаров мамлекет элдин ден соолугуна кам көрүү багытында биринчи кезекте алдын алуу иштерине көңүл бурууга жана мына ушундай заманбап медициналык имараттарды курууга милдеттүү экенин баса белгиледи. 2022-жылы медицина тармагына 207 атайын жабдык алынган. 218 тез жардам, 117 санитардык унаа, жалпы жонунан 335 автоунаа сатып алынган. Ал эми 2023-жылы болсо медициналык 30 объектиде курулуш иштери жүргүзүлдү: облустук ооруканалар жаңырды, перинаталдык борборго 222 млн сом акча каражаты бөлүнүп, курулушу башталды. Жер-жерлерде мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Садыр Жапаров өткөн жылы бөйрөктү алмаштыруу борборун ачылганын эске салып, боорду алмаштыруу борборун уюштуруу боюнча чечим кабыл алынганын айтты. Кыргызстанда  Түркиянын дүйнөгө аты угулган дарыгерлеринин тажрыйбасына таянып, улуттук борбор түзүлөт. Муну менен боорунан жабыркагандарды нечендеген жылдар бою түйшөлткөн маселе чечилет. Жылдын аягына чейин тиешелүү иштер башталат.

Мамлекет башчысы өткөн жылы Жалал-Абад облусунда 12 фельдшердик-акушердик пункт колдонууга берилгенин айтты. Бүгүн Жалал-Абад шаарында  жаңы 2 оорукананын имараты пайдаланууга берилип жатат. Акыркы эки жыл аралыгында өлкөбүздөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы ири реформалардын алкагында жалпысынан республика боюнча ооруканалардын шарт-жагдайларын жакшыртуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракети көрүлүп жатат. Жалал-Абад облусунун калкынын ден соолугуна кам көрүүчү негизги медициналык мекеме болгон облустук ооруканын эскилиги жеткен дарылануу корпустары жаңыланууда.
Садыр Жапаров үч кабаттуу даяр жаңы имарат пайдаланууга берүү алдында турганын, эми мындан ары жаны кейип, дартка даба издеп келген тургундар керектүү бардык шарттар түзүлгөн медициналык мекемеде дарыланып баштаарын белгиледи. Өмүр сакчылары болсо заманбап, жайлуу имаратта өз жумуштарын улантышмакчы.

Президент курулушка жумшалган каражат 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү багытында республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен жүргүзүлгөнүн маалымдай кетти. Шаарды өнүктүрүүгө каралган каражат калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу, өндүрүш жайларын ачуу, саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушуна жумшалды.

Мындан башка Мамлекет башчысы аталган 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен Жалал-Абад облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы заманбап имараты дагы курулду. Ал ошондой эле курулуп жаткан, көбү бүткөнү калган башка медициналык объектилер жөнүндө айтып берди. Жалал-Абад облусунда саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жогорку темпте кетүүдө, аны жакшыртуу аракеттери мындан ары да улантыла бермекчи.

Андан соң Президент Садыр Жапаров жаңы имаратты кыдырып, гемодиализ үчүн орнотулган атайын жабдууларды көрүп чыкты, медицина кызматкерлери менен баарлашты.

12.04.2024
КР Жогоку Кеңешинин депутаты «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасына имарат куруп берди

Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында, 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жеңишбек Токторбеков менен биргеликте «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасын ачты. 
«Эл Аман» мамлекеттик дарыканаларын колдоо жана андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жеңишбек Токторбеков дарыкананын имаратын курууга каражат бөлдү.
 Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл өкүлүнө тармакка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Ыраазычылык катын тапшырды.
Эскерте кетсек, министрдин тапшырмасы менен калкты арзан жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында саламаттыкты сактоо уюмдарынын базасында 2023-жылдын ноябрь айынан тарта «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалар тармагы ачыла баштаган. Жалпысынан учурда республика боюнча 80 дарыкана, ал эми Жалал-Абад облусунда 13 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.

12.04.2024
КР Саламаттык сактоо министри Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн иши менен таанышты

12-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнө барып, төрөттөн кийинки жана кош бойлуу аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты.

Алымкадыр Бейшеналиев төрөт үйүн дары-дармек, материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо маселелери менен таанышып, бейтаптар менен баарлашты. Министр ошондой эле ОШ шаардык клиникалык ооруканасы көрсөткөн лабораториялык кызматтары менен да таанышты.

ОШ шаардык клиникалык ооруканасынын директору, Ош облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Шаятбек Абдурахманов билдиргендей, алардын төрөт үйүндө жылына 11 миңге жакын төрөт катталат. Оорукананын материалдык-техникалык жабдылышы канааттандырарлык, керектүү дары-дармектер бар. «Биз бардык негизги лабораториялык анализдерди жасайбыз. Биз өзүбүз жасай албаган лаборатордук изилдөөлөрдү Бонецкий лабораториясына жөнөтөбүз. Алар Саламаттык сактоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында 50% арзандатуу менен кызмат көрсөтүшөт», - деп кошумчалады ал.

11.04.2024
КР Саламаттык сактоо министри менен Австриянын Кыргызстандагы Элчиси саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты

Бүгүн, 2024-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин “Россия Федерациясы, Чыгыш Европа жана Түштүк Кавказ, Чыгыш өнөктөштүк, Түркия жана Борбордук Азия” департаментинин жетекчисиЭлчи Герхард Сайллер мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Алымкадыр Бейшеналиев Министрлик эл аралык уюмдардын калктын ден соолугун чыңдоого жаңы ыкмаларды издөөгө, уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга,  бардык саясатта ден соолук кызыкчылыктарын коргоого, саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө кошкон салымын жогору бааларын баса белгиледи. Ошондой эле медициналык мекемелер тармагындагы долбоорлорду, анын ичинде жеңилдетилген кредиттик долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулоого даярдыгы жөнүндө билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кардиологиялык жана онкологиялык кызматтарды пайызсыз жеңилдетилген кредиттөө аркылуу модернизациялоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууну карап чыгууну макулдашты.

11.04.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө мээге татаал операция жасалды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө мээге уникалдуу операция жасалды. Операцияга КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Миталип Мамытов жана кафедра башчысы Бакыт Карачев баштаган нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери катышты. 

Жалал-Абад облусунда жашаган 08.03.2016-ж. бейтапка баш мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү көлөмдүү шишик деген диагноз коюлган.

Мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү шишикти - тератоманы алып салуу операциясы ийгиликтүү өттү. Тератоманын ичинде бир тутам чач болгон, ал, болжол менен, бала төрөлгөндөн тартып ооруканага кайрылганга чейин  өсүп келген.

Аталган карынчанын түбүндө чачтын тамыры болгон, балким ал жатын ичиндеги өнүгүүнүн бузулушу менен байланыштуу болгон. Чачтын өсүүсүнүн уланышы бейтаптын ден соолугуна коркунуч келтирмек.

09.04.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР-дарыгерлери казакстандык кесиптештери менен биргеликте операцияларды жасашты

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР бөлүмүнүн дарыгерлери казакстандык отохирург, профессор Айгуль Медеулова менен биргеликте угуу органдарына уникалдуу операцияларды жасашты. 

 

Жалпысынан кийин пайда болгон жана тубаса оор патологиясы бар 7 балага операция жасалды. 

 

Тимпанопластика, тубаса холеостотоманы алып салуу, ортонку баш сөөк чункурчасынын катуу мээ чел кабыгындагы кемтикти сөөк мому менен жабуу жана ортонку кулакты тимпонопластика менен санитардык тазалоо боюнча операциялар жасалды. 

 

Балдардын операциядан кийинки абалы туруктуу, үйлөрүнө чыгууга камданып жатышат.

06.04.2024
Бишкек шаарында «Менин ден соолугум – менин укугум» аталышындагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган жарыш болуп өттү

Бүгүн, 6-апрелде, жыл сайын 7-апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн майрамдоонун алкагында «Менин ден соолугум – менин укугум» урааны астында жарыш болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу астында КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана КРдагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) өкүлү  Ливиу Ведрасконун башчылыгы менен уюштурулду. 

Ага ардактуу коноктор - Жогорку Кенештин депутаттары, КРнын көрүнүктүү спортчулары, министрлик жана ведомстволордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле медицина кызматкерлери, бишкектиктер жана борбор калаанын меймандары катышты.

Борбор калаадагы жарыш Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин КРдагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте өткөрүлүп жаткан Ден соолук жумалыгынын башталышы болду.

Жарыштын катышуучуларынын жана меймандардын астында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна физикалык активдүүлүктү интеграциялоонун маанилүү экендигин белгиледи. Ал Кыргызстандын бардык жарандары сергек жашоого укуктуу жана өзүнүн физикалык жана психикалык жыргалчылыгына кам көрүүгө жооптуу экендигин белгилеп кетти. 

" Саламаттык сактоо министрлиги ар бир адамды өзүнүн жашоосуна оң өзгөрүүлөрдү киргизүүгө жана өз саламаттыгына активдүү кам көрүүнү баштоого чакырат. Ден соолук – бул биздин эң баалуу байлыгыбыз, ал эми  физикалык активдүүлүк – сергек жашоо мүнөзүнүн негизги курамдарынын бири. Бүгүн биздин жарышты колдогондордун бардыгына жана биз Ден соолук күнүнүн алкагында уюштурган иш-чараларга катыша тургандарга ыраазычылык билдирем. Биз биргелешип активдүү жана дени сак коомду кура алабыз", - деп белгиледи министр.

КРдагы БДСУнун өкүлү, д-р Ливиу Ведраско ошондой эле бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди жана ушул жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн: «Менин ден соолугум – менин укугум» урааны маанилүү экендиги тууралуу эскерте кетти.

"Чынында эле ден соолук – бул жөн гана артыкчылык эмес, бул ар бир адамга жеткиликтүү болууга тийиш болгон ар бир адамдын фундаменталдык укугу. Бүгүн биз аралыктан чуркап өтүү үчүн эле эмес, ошондой эле биздин негизги укугубуз болуп саналган ден соолукту колдой турганыбызды тастыктоо үчүн чогуу стартта турабыз. Эсиңиздерде болсун, биз бүгүн жасай турган ар бир кадам бизди дени сак жана бактылуу келечекке жакындатат», -деди ал.

Жарыш дени сак жана активдүү жашоого умтулууда өз колдоосун жана жигердүү катышуусун билдирген ар кандай курактагы жана ар кандай физикалык даярдыктагы көптөгөн катышуучуларды топтоду. Катышуучулар мелдештин, бирок эң маанилүү талаш – өз ден соолугу тууралуу талаштын духун сезишти.

7-апрелден 13-апрелге чейин өтө турган Ден соолук жумалыгынын алкагында өлкөнүн ар бир областында сергек жашоо мүнөзү, оорулардын алдын алуу, ошондой эле спорттук маданиятты өнүктүрүү тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган иш-чаралар өтмөкчү. 

 

 

05.04.2024
Саламаттык сактоо министрлигинде өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу иш-чараларын жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартиби боюнча окутуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде 2024-жылдын 04-апрелинде бүткүл саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилеринин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралында №77 “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомундагы көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча Улуттук платформанын катчылыгынын жетекчиси Айдакеев Алмабек Абышевичтин катышуусу менен окуу өткөрүлдү.

Окууда саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилери өздөрүнө тиешелүү болгон көйгөйлүү суроолоруна жоопторду алышты.

05.04.2024
Саламаттык сактоо уюмдарына 20 санарип рентген-флюорографиялык аппараттар алынып келинди

Бүгүн, 2024-жылдын 5-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №4 үй-бүлөлүк медицина борборуна жана №5 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалына барып, калкка көрсөтүлгөн диагностикалык кызмат көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты, ошондой эле министрге жаңы санариптик рентген-флюорографиялык аппараттардын иштеши көрсөтүлдү.

Министр жаңы санариптик аппараттардын келиши менен медицина кызматкерлеринин иши жеңилдеп, бейтаптар үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи. «Көптөгөн саламаттык сактоо уюмдарында аналогдук флюоро-аппараттары үчүн пленкалар менен көйгөйлөр болуп келген. Бул көйгөйдү чечүү үчүн “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу түз өндүрүүчүлөрдөн 20 аппарат сатылып алынды. Сатып алууга бөлүнгөн 200 миллион сомдун 71 миллион сомун үнөмдөй алдык, ал саламаттыкты сактоо уюмдарынын башка муктаждыктарына жумшалат. Азыр Бишкектеги ар бир үй-бүлөлүк медициналык борборунда флюорографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шарттар бар”,-деди КРнын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

«Бүгүнкү күндө №5 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында флюорография кабинети заманбап жабдыктар менен камсыз болду. Бул биздин бейтаптар үчүн да, биздин кызматкерлер үчүн да жакшы жаңылык. Биз эскилиги жеткен аппараттар менен иштечүбүз. Алар 2 күн иштесе, 3 күн иштебей, бейтаптарыбызга ыңгайсыздык жаратып келген. Жакынкы арада КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна флюорографиялык аппараттар алынып, орнотулат, бул жарандардын убактысын үнөмдөөгө жана медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт», - деди Памир Муратов,№5 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору.

Санариптик рентген-флюорографиялык аппараттар Бишкектеги №3, 4, 5, 7, 8, 9 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна орнотулган, ал эми  Чүй облусунун Москва райондук ЖДПБ, Ош шаардык ҮМБ, Ак-Талаа райондук ЖДПБ, Нарын облустук ҮМБ жана Баткен облусунун Кадамжай райондук ЖДПБ, Бишкек шаарындагы № 2, 6 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна аппараттар жеткирүү жана орнотуу стадиясында.

04.04.2024
«Дарыгердин депозити» программасы 200 орунга көбөйдү

"Дарыгердин депозити» программасы 2019-ж. – 175 орун болсо, 2024-жылы кошумча 25 орун бөлүнүп, жалпы саны 200 орунду түздү. Анын ичинен 51 орун Үй-бүлөлүк дарыгерлерге каралган. 

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, бүгүн, КР ЖКнын депутатынын суроосуна жооп берип жатып, «Дарыгердин депозити» программасында 200 жаш дарыгерлер бар экенин жана ар бир квартал сайын 35 миң сом кошумча акча алаарын, Министрлик орундарды дагы көбөйтүү боюнча жумуштарды алып барып жатканын белгиледи.

 

Маалымат үчүн: 2023-жылы бюджеттик негизде ординатураны 431 киши бүтүргөн. Алардын 216 (50,1%) бүтүрүүчү облустардагы саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлгөн.

04.04.2024
Бишкекте дагы бир мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды

2024-жылдын 3 апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №10 ҮМБнун базасында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.

 

Министр өз сөзүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын базасында «Эл Аман» мамлекеттик аптекалар тармагынын ачылышы өлкөнүн калкын жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармек менен камсыздоого умтулуу экендигин белгиледи. Мамлекеттик аптека өлкөдөгү жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15% арзандатылган жеткиликтүү баада дарылардын кеңири ассортиментин сунуштайт.