Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

18

05

2024

Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

18.05.2024

Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

18.05.2024

Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

15.03.2024
Кыргызстан менен Орусиянын Саламаттык сактоо министрликтери тармактык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты

2024-жылдын 14-мартында Астана шаарында (Казакстан) өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Андрей Плутницкий менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоого басым жасап, саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.

Андрей Плутницкий россиялык фармацевтика тармагынын потенциалын баса белгилеп, өзүнүн дары-дармек өндүрүшүн өнүктүрүү тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде А. Бейшеналиев Россияны Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы стратегиялык өнөктөшү катары тааный турганын билдирди. Ал эне жана баланын ден соолугун коргоо, онкологиялык кызматты өнүктүрүү жана башка приоритеттүү багыттар боюнча туруктуу колдоо жана кызматташууну белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы узак мөөнөттүү өнөктөштүгүн бекемдей турган калктын саламаттыгын жана медициналык жардамды уюштуруу системасын жакшыртууга багытталган иштерди активдештирүү ниетин ырасташты.

15.03.2024
Кыргызстан менен Казакстан саламаттык сактоо тармагында кызматташууну улантат

2024-жылдын 14-мартында Астана шаарында (Казакстан) Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстан Республикасынын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. 

Бейшеналиев кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук жана бир туугандык мамилелерди таанууну билдирди. Ал ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы бардык актуалдуу маселелер боюнча эки өлкөнүн министрликтеринин жемиштүү кызматташтыгын баса белгиледи.

Министрлер баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын өнүктүрүү, ар түрдүү тармактарда, анын ичинде фармацевтикалык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтарда, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматташууну улантуу, ар кыл багыттагы адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү боюнча макулдашышты.

Бул жолугушуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана эки өлкөнүн калкын заманбап дарылоо ыкмаларына жана дары-дармектерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдоонун кезектеги кадамы болуп саналат.

15.03.2024
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлери медицина тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулушат

Астанада (Казакстан) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу, Асилбек Худояров менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушууда ведомстволордун жетекчилери саламаттык сактоо тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү боюнча жалпы каалоолорун ырасташты. Алар саламаттык сактоонун улуттук системаларын өнүктүрүүдөгү эң актуалдуу маселелерди талкуулап, тажрыйба алмашышты.

Медициналык билим берүү тармагындагы иш-чараларды координациялоого, кадрдык потенциалды жогорулатуу жана фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

"Кыргызстан үчүн фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү. Биз "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы аркылуу калкыбызды сапаттуу дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоо үчүн кызматташууга даярбыз", - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

 

15.03.2024
КР Саламаттык сактоо министри менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун директорунун жолугушуусу болуп өттү

2024-жылдын 14-мартында Астана шаарындагы (Казакстан) өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында министр Алымкадыр Бейшеналиев ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы, доктор Ханс Клюге менен жолугушту.

Тараптар саламаттык сактоонун бир катар маселелерин талкуулашты, анын ичинде 2024-жылдын 26-27-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун колдоосу астында Борбордук Азиядагы саламаттык сактоого инвестициялоо боюнча эл аралык форумду уюштуруу жана өткөрүүнү.Анда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлери жана коңшу мамлекеттердин, ошондой эле тиешелүү эл аралык уюмдардын жетекчилери чакырылары айтылды.

Форумдун алкагында стратегиялык багыттагы тематикалык тегерек столдорду өткөрүү пландаштырылууда, бул саламаттык сактоонун маанилүү көйгөйлөрүнүн инвестициялык аспектине, алдыңкы тажрыйбага, инвестициялоо багыттарына жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыгында туура чечимдерге арналган.

Эл аралык форумдан тышкары быйыл Кыргызстанда ДССУ менен дагы эки маанилүү биргелешкен иш-чара өткөрүлөт: Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата жарыш жана Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин биринчи конгресси.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алымкадыр Бейшеналиев доктор Ханс Клюгеге бул инвестициялык форумду уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагын колдоочу негизги өнөктөштөрдүн бири экенин баса белгиледи. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жардамы биздин республиканын калкынын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошууда.

«Кыргызстан Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык ден соолуктун, бакубатчылыктын жана ден соолукту коргоонун зарыл деңгээлин камсыз кылууну каалайт. ДССУнун Бишкектеги Өкүлчүлүгү ар кандай тармактарда кызматташууга жана үзгүлтүксүз техникалык колдоо көрсөтүүгө көмөктөшөт. Учурда ДССУ менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташуунун негизин жети жылдык иш план түзөт», - деди министр.

14.03.2024
Жалал-Абад облусунда кызамык оорусуна каршы эмдөө кампаниясынын экинчи этабы башталды

Бүгүн, 14-мартта Жалал-Абад облусунда кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө кампаниясынын экинчи этабы башталды. Эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын Протоколдук буйругун аткаруу үчүн ушул айда республикалык бюджеттин эсебинен өлкөгө 264 миң 500 доза вакцина алынды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызамык оорусуна каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөттү.

Кампаниянын жүрүшүндө максаттуу топтогу балдардын 95%дан кем эмеси камтылышы керек. Кызамыкка каршы вакцинанын 2-дозасын алган балдарды кошпогондо, 9 айдан 7 жашка чейинки бардык балдар эмдөөдөн өтүшөт.

Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда жана билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан акысыз алса болот.

Калган бардык аймактарда кызылчага, паротитке жана кызамыкка каршы (КПК) вакцина менен пландуу эмдөөнүн алкагында кызылчага жана кызамыкка каршы эмдөө күчөтүлдү. Кызамык оорусуна каршы эмдөө кампаниясынын экинчи этабынын алкагында өлкөнүн калган аймактарында кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозалары жеткиликтүү болгондон кийин кошумча эмдөө башталат.

Маалымат үчүн: Кызамык коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору. Балдарды кызамыктан коргоонун бирден бир жолу бул эмдөө!

Кызамык вирусунун жүгүртүүсүн азайтуу, анын очогун жок кылуу жана андан ары жайылышын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын сентябрь айында Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки балдардын арасында кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясын өткөргөнүн эске салабыз. Кампаниянын биринчи этабында камтуу 479 386 балага жетти (максаттуу топтун 79%).

14.03.2024
Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календарына өзгөртүүлөр киргизилди. Кызылчага-паротитке-кызамыкка каршы вакцинанын экинчи дозасы эми 2 жаштагы балдарга сайылат

Кыргыз Республикасынын аймагында кызамык оорусунун жайылышын токтотуу боюнча КР Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында КР Саламаттык сактоо министрлиги кызамык вирусун токтотуп, андан ары жайылышына жол бербөө үчүн чукул чараларды көрүп жатат.

Эмдөө боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобунун илимге негизделген сунуштамаларынын негизинде Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды: кызылчага-паротитке-кызамыкка каршы вакцина буга чейин 6 жаштагы балдарга сайылып келсе, эми Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 5-мартындагы №237 буйругу менен 2 жаштагы балдарга сайыла баштайт.

Республикада кызамык боюнча абал курч бойдон кала берүүдө: 2024-жылдын 12-мартына карата 5446 учур катталды. 2023-жылдан бери жалпы мезгил ичинде катталган учурлардын саны 7046га жетип, 9 адам оорудан каза болду.

1 жаштан 4 жашка чейинки балдар арасында кызамык оорусунун жайылышын токтотуу максатында Эмдөө боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобу 2 жаштагы балдарды кызамыкка жана кызылчага каршы ревакцинациялоодон өткөрүүнү сунуштады, себеби дал ушул куракта эмдөө кызамык оорусун жуктуруп алуу тобокелдигин азайтат. Кызамыкка каршы эмдөөнүн ортосундагы аралыкты кыскартуу менен организмди вирустан узакка коргоого жана ооруга туруштук берүүгө даярдаса болот.

Эмдөө – бул заманбап медицинага белгилүү болгон жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу жана экономикалык жактан үнөмдүү коргонуу каражаты.

Канчалык көп адам тигил же бул ооруга каршы иммунитетке ээ болсо, калган адамдардын ооруга чалдыгуу ыктымалдуулугу да ошончолук азаят, эпидемия чыгуу коркунучу  ошончолук аз болот.

Өзгөртүүлөр киргизилген Профилактикалык эмдөөлөр календары 

Милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керек болгон жарандардын категориялары жана курагыВакциналар
Жаңы төрөлгөн ымыркайларВГВ, БЦЖ
2 айлык балдарПента-1, ПКВ-1,ОПВ-1, РВ-1
3,5 айлык балдарПента-2, ОПВ-2, ИПВ-1,РВ-2
5 айлык балдарПента-3, ПКВ-2, ОПВ-3, РВ-3
9 айлык балдарИПВ-2
12 айлык балдарПКВ-3, КПК-1
2 жашка чыккан балдарАКДС, КПК-2
6 жаштагы балдарАДС
11 жаштагы балдарАДС-М (бир жолу) АПВга каршы вакцина (кыздарга, бир жолу)
Өспүрүмдөр жана бойго жеткендер: 16, 26, 36, 46, 56 жаштагыларАДС-М (бир жолу)
14.03.2024
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри ШКУнун Жыйынында: Саламаттыкты сактоо - кызматташуунун артыкчылыктуу багыты

Бүгүн, 14-мартта Казакстандын Астана шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин жетинчи жыйыны өтүп жатат, ага Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышууда.

Пленардык жыйында сөз сүйлөп жатып, министр ШКУ маанилүү орунду ээлей турганын жана катышуучу-өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө кызматташууну чыңдоодо олуттуу роль ойноорун жана маалымат алмашууга, алдыңкы медициналык билимдерди жана методдорду берүүгө көмөктөшөөрүн баса белгиледи.

«Бүгүнкү иш-чаранын Күн тартибинде жакынкы бир нече жылда биздин өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тутумунун өнүгүшүнө таасир этиши мүмкүн болгон абдан орчундуу маселелер каралат, ошондой эле биздин ортобуздагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн негиз болуп саналат. Алардын арасында саламаттыкты сактоо тармагында тажрыйба алмашууну жана кызматташууну күчөтүүгө, клиникалык сунуштарды жана клиникалык практиканы түзүү, эне жана баланын ден соолугун коргоону камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жүрөк-кан тамыр жана башка жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо, ШКУнун медициналык ассоциациясын түзүү, саламаттык сактоо тармагында эмгектенген жаш адистердин ишмердүүлүгүн колдоого багытталган ж.б. саламаттык сактоо тутумдары үчүн актуалдуу маселелерди камтыган 2025-2027-жылдарга ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралардын планын бекитүү».

Ошондой эле, Алымкадыр Бейшеналиев жогоруда аталган багыттар биздин өлкөлөрдө да өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары болуп саналарын белгиледи. Бирок, уюштуруунун алкагында санариптештирүү жаатындагы учурдагы тенденцияларды жана инновациялык инструменттерди максималдуу түрдө эске алуу жана максималдуу пайдалануу зарыл. Алсак, биздин өлкө жогорку сапаттагы санариптик инфраструктураны жана технологияларды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Маалыматтарды чогултууну жана талдоону жакшыртуу эффективдүү жана гатыйжалуу саламаттыкты сактоо системасын оптималдаштыруу үчүн маанилүү.

Республикада кадрдык потенциалды чыңдоо максатында «Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин реестри» маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана саламаттыкты сактоо системасында башкаруучу кадрлардын резервин түзүү аяктады. Кадрдык ресурстарды чыңдоо жана жогорулатуу салттуу түрдө биргелешкен иш-чаралар аркылуу сапаттуу жана эффективдүү тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет. Ошого байланыштуу ШКУ өлкөлөрүндө, биринчи кезекте Кытайда, Россияда жана башка бул багытта олуттуу потенциалы бар башка өлкөлөрдө базалык жетектөөчү жана алдынкы борборлор аныкталса жакшы болмок.

Ал ошондой эле жаш кадрларды өстүрүү жана колдоого көңүл буруу зарылдыгын, мисалы, ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен Жаш адистер академиясын жана Жаш окумуштуулар мектебин (институционалдаштыруусуз) күч-аракеттерди бириктирүү жана ШКУ өлкөлөрүндө адам ресурстарын чыңдоо маселелерин талкуулоо үчүн аянтча катары уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну кошумчалады.

 

ШКУ өлкөлөрүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча эл аралык медициналык конгресстерин өткөрүү аркылуу ШКУ өлкөлөрүндө дарыгерлерди жана медайымдарды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча өз ара аракеттенүүнү жана иш-чараларды уюштуруу зарылдыгын эске алуу менен. «Мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү тажрыйбасы биздин өлкөлөрдүн кадрдык потенциалын чыңдоого чоң салым кошот деп ишенем, ошондуктан кесиптештеримден бул сунушту колдоону суранам», - деп жыйынтыктады Алымкадыр Бейшеналиев.

 

Маалымат үчүн:

Жыйындын жүрүшүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү, эл аралык уюмдардын ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы ролу, саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык маселелер талкууланууда. Ошондой эле 2025-2027-жылдарга саламаттык сактоо тармагында ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча негизги чаралардын планын бекитүү жана жыйынтыктоочу протоколго кол коюу пландаштырылууда.

13.03.2024
Саламаттыкты сактоо министри жаңы ден соолукту координациялоо жана башкаруу борборлору боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 13-мартта, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев министрдин орун басарлары, тиешелүү ведомстволордун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилери жана областтардагы Саламаттыкты сактоону координациялоо жана башкаруу боюнча жаңы борборлордун жетекчилеринин милдетин аткаруучулар менен кеңешме өткөрдү.

Жыйында министр бул борборлорду түзүү аймактык деңгээлдеги саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, аймактарда башкарууну, көзөмөлдү жана координацияны жакшыртууну көздөөрүн белгиледи. Ар бир Борбор өз аймагындагы медициналык мекемелердин макулдашылган иш-аракеттери үчүн жана алардын ченемдик укуктук актылар менен стандарттарды сактоосун камсыз кылуу үчүн жооптуу болот.

Министр саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетишсиздигине тынчсыздануусун билдирип, калкты сапаттуу медициналык тейлөөнү камсыз кылуу үчүн «Кыргызфарация» мамлекеттик ишканасынын жана Координациялоо борборлорунун жетекчилерине керектүү дары-дармектер жана буюмдар менен камсыз кылуу боюнча так тапшырмаларды берди.

Бул борборлорду түзүүнүн максаты – жергиликтүү саламаттыкты сактоону башкаруу системасын өркүндөтүү, калктын муктаждыктарына тез жооп берүү жана аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу. Министр ошондой эле Борборлордун ишмердүүлүгүндө бардык ченемдик укуктук актыларды сактоо зарылдыгын белгиледи.

Быйылкы жылы трансплантация кызматын жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер башталды. Ош, Каракол жана Бишкек шаарларында жаңы ооруканалардын курулушун баштоо пландалып, учурда долбоордук-сметалык документтери даярдалууда. Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо башталды. «Аймактарда Саламаттык сактоону координациялоо жана башкаруу борборлорун түзүү жергиликтүү саламаттыкты сактоону башкаруу системасын өркүндөтүү, калктын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына тезирээк жооп кайтарууну камсыз кылуу, ошондой эле медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан», - деп кошумчалады саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

12.03.2024
Аймактарда саламаттык сактоону координациялоо жана башкаруу борборлору түзүлдү

Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында аймактарда саламаттык сактоону координациялоо жана башкаруу борборлору түзүлдү. Бул борборлор калктын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын сакталышын көзөмөлдөйт, коррупцияга каршы чараларды көрөт, дары-дармектерди сатып алууда көзөмөлдү уюштурат, медицина кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине даттанууларды жана арыздарды карайт, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууну сунуш кылат. Бул бардык жарандар үчүн медициналык тейлөөнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

13.03.2024
Кыргыз Республикасында кургак учукту аныктоонун жана дарылоонун актуалдуу маселелери боюнча иш-чара өттү

2023-жылдын 12-мартында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн утурлай Кыргыз Республикасында кургак учукту аныктоонун жана дарылоонун, ошондой эле бул оорудан жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пресс-кафе өткөрүлдү. Кыргыз Республикасында март айы бою салттуу түрдө өткөрүлүүчү кургак учукка каршы бир айлыктын алкагында бул иш-чара КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору тарабынан USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Быйылкы жылы пресс-кафеде төмөнкү темалар чагылдырылды:

  • Кургак учукту кантип аныктоого болот?
  • Кургак учукту кантип дарылоо керек?
  • Балдардагы кургак учуктун кандай өзгөчөлүктөрү бар?
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом уюмдары, жааматтар кургак учук менен ооруган адамдарга кандай жардам көрсөтүшөт?
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, жарандык коом уюмдар жана жааматтар тарабынан кургак учук менен ооруган адамдарга кандай жардам көрсөтүлүүдө? 
  • Кургак учук жөнүндө айта берүү эмне үчүн маанилүү? 
  • Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүдөгү реформалар; Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кургак учук менен ооругандарга жардам.

Журналисттер кургак учук боюнча эксперттер жана адистер менен бир жерден жолугуп, бул оору тууралуу толук маалымат алууга жакшы мүмкүнчүлүк алышты. Эксперттик топтун курамына КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук фтизиатрия борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистери, USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун жана бул тармакта иштеген бейөкмөт уюмдардын (Улуттук Кызыл Ай Коому, Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясы) адистери киришти. Алардан башка пресс-кафеге кургак учуктан өздөрү айыгып, учурда башка бейтаптарга колдоо көрсөтүп жаткан адамдар да катышышты.

«Акыркы жылдарда ден соолукка жана кургак учукка байланыштуу темаларды чагылдыруу жакшырганына карабастан, кургак учукка чалдыккан бейтаптар жана алардын үй-бүлөлөрү баштан арбын өткөргөн кодулоо жана басмырлоого каршы туруу боюнча калкты маалымдандыруу жаатында дагы деле көп иштер алдыда, - деп белгилеп кетти Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров. – Биздин бейтаптар дарылоонун узак жана татаал курсунан өтүүгө аргасыз жана дарылануусун ийгиликтүү аяктоосу үчүн медициналык кызматкерлер, өзүнүн үй-бүлөсү жана коомчулук тарабынан мүмкүн болушунча колдоого муктаж. ЖМК кургак учук жөнүндө так, анык жана кодулоосу жок маалыматты берүү менен коомдун кургак учукка мамилесин өзгөртүп, өлкө ичинде бул ооруну азайтууга жардам бере алышат”. 

КРдагы 2023-жылдын кургак учук боюнча алдын ала маалыматы

Улуттук фтизиатрия борборунун алдын ала маалыматы боюнча Кыргызстан боюнча (анын ичинде КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында) кургак учук менен ооруган бейтаптардын саны мурунку жылдарга караганда 2023-жылы азайды. Жаңы аныкталган 4170 бейтап катталган (калктын 100 миңине 59,8). 2022-жылдын ушул эле мезгилинде - 4568 (100 миң калкка 65,5), 2021-жылы - 4596 (100 миң калкка 68,7). 

Оорунун эң жогорку деңгээли мурдагыдай эле Чүй облусунда сакталууда – 100 миң калкка 88,5 (2022-жылы – 100 миң калкка 99,1). Оорунун эң төмөнкү деңгээли Ысык-Көл облусунда – 100 миң калкка 42,0 (2022-жылы – 44,4).

2023-жылы республика боюнча балдар арасында оорунун деңгээли төмөндөп, калктын 100 миңине 11,9ду түздү (2022-жылы - 14,5). Өспүрүмдөр арасында кургак учук менен ооруугандардын саны 2023-жылы бир аз өсүп жана 100 миң калкка 41,2ни түздү (2022-жылы – 100 миң калкка 29,8).

Республика боюнча кургак учуктан өлүмдүн көрсөткүчү 2023-жылы калктын 100 миңине 2,6 түздү (180 учур) (2022-жылы – калктын 100 миңине 2,5 (176 учур).        

12.03.2024
Түркиялык медициналык адистер Кыргызстандын органдарды трансплантациялоого даярдыгын баалап жатышат

Кыргызстандагы клиникалардын боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча жогорку технологиялык операцияларды жүргүзүүгө даярдыгын баалоо үчүн Бишкекке Инөнү университетинин ректору, академик Ахмет Кызылай баштаган түркиялык медициналык адистерден турган делегация келди.

Иш сапардын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Ормонов менен бирге Улуттук хирургиялык борборго жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна клиникалардын органдарды трансплантациялоо операцияларын жасоого даярдыгы менен таанышуу үчүн барышты.

  Улуттук хирургия борборунун даярдыгы менен таанышуу маалында түрк адистери операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, кошумча керектүү медициналык жабдуулар боюнча өз сунуштарын беришти. Сөөк чучугун трансплантациялоого даярдык боюнча айтсак, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмү бардык талаптарга толук жооп берет.

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургиялык борбор боорду трансплантациялоо боюнча координациялык борбор, ал эми улуттук эне жана баланы коргоо борбору жилик чучугун трансплантациялоо боюнча координациялык борбор болоорун баса белгиледи. «Органдарды трансплантациялоону өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарында жогорку технологиялык дарылоону киргизүү өлкө президенти Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө болуп, боорду трансплантациялоону ийгиликтүү баштоо үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алууга 2 миллион доллар жана УХБнын операциялык жана реанимация бөлүмдөрүн оңдоо иштерине кошумча 20 миллион сом бөлүнөт», - деп билдирди министр.

 

Түрк адистеринин иш сапары Кыргызстан менен Түркиянын медицина тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө жана аймактагы трансплантологияны өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөйт.

12.03.2024
Швейцария Кыргызстандын баштапкы саламаттык сактоо уюмдарына 43 миллион сомдон ашык суммага компьютердик жабдууларды берди

Бүгүн, 12-мартта Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертер Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун техникалык жактан жабдууну колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге 320 компьютер, үзгүлтүксүз энергия булактарын (UPS), ошондой эле Касперский лицензиясын тапшырды.

Бул IT-жабдуулар Кыргызстандын түштүгүндөгү жана Бишкек шаарындагы 228 баштапкы саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилет. 

Жабдуулар «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоору аркылуу электрондук саламаттыкты сактоону чыңдоо үчүн берилди.

Республикада баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууда жана жугуштуу эмес ооруларды дарылоону жакшыртууда техникалык жабдуу чоң роль ойнойт. Ал ошондой эле саламаттыкты сактоо программаларына жана иш-чараларына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого көмөктөшөт, ал жыйынтыгында Кыргызстандын калкынын ден соолук абалынын жакшырышына алып келет.

«Электрондук саламаттыкты сактоону өнүктүрүү өкмөттүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам - ​​өнүккөн өлкө» программасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Электрондук саламаттыкты сактоону өнүктүрүү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатат, медициналык уюмдардын кызматкерлеринин түйшүгүн азайтат, ошондой эле бейтаптардын күтүү убактысын кыскартат», – деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Маалымат үчүн:

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медициналык-санитардык жардамдын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана дени сак жашоо образын жайылтуу менен Кыргызстандын калкынын саламаттыгын жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган. Долбоор буга чейин Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган жана азыркы этапта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Бул долбоордун 1-фазасын ишке ашыруунун алкагында 2018-жылдын январынан 2022-жылдын июнь айына чейин Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына электрондук саламаттыкты сактоону киргизүү үчүн 419 компьютер жана 358 принтер, ошондой эле Электрондук саламаттык сактоо борборуна 2 сервер сатылып алынган. Бүгүнкү күндө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, Ош жана Бишкек шаарларынын баштапкы саламаттык сактоо уюмдары үчүн сатылып алынган 320 компьютер өткөрүлүп берилди.

11.03.2024
КР Саламаттык сактоо министри мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн лабораториялык кызматтар жаатындагы ийгиликтүү ишке ашырылышы менен таанышты

Кыргызстанда лабораториялык кызматты өнүктүрүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ийгиликтүү ишке ашыруу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги менен “Бонецкий лабораториясынын” ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2024-жылдын 7-мартында Алматы шаарында болуп, МЖӨ тармагында ийгиликтүү кызматташуу тажрыйбасы менен таанышып келди.

Министр мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринин жеке лабораториялар менен кызматташуусу менен таанышты. Кызматтар "Акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмү" программасынын алкагында көрсөтүлөт, лабораториялык изилдөө чөйрөсүндөгү иштер өз ара пайдалуу негизде бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келет.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда мамлекеттик лабораторияларды заманбап сапат жана коопсуздук стандарттарына ылайык жаңылоо жана жабдуу боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары лаборатория кызматкерлери окутулат, бирок биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү дагы өнүктүрүүбүз керек.

Учурда «Бонецкий лабораториясы» жеке менчик лабораториясынын жетекчилигинин маалыматы боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн баасы 50%га арзандады. Учурда саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен лабораториялык изилдөөлөргө жолдомо баракчаларын арзандатуу менен берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

11.03.2024
КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал

     Ыкчам маалыматтар боюнча, 2024-жылдын 10-жумасында (04.03-10.03.24) республика боюнча өткөн жумага (09-жума, 92,7) салыштырмалуу курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган 4576 учур катталды -30,4%га төмөн.  Бардык ооругандардын 71,7%ы 14 жашка чейинки балдар.

 

   Октябрь айынан бери бейтаптардан 1834 анализ алынган, лабораториялык жыйынтыктар боюнча эпидемиялык мезгил A/H3N2 тумоосу менен шартталган, 05-аптадан баштап сасык тумоонун вирустарынын бөлүүнүсү жокко эсе. Курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалууда, анын ичинде риновирус басымдуулук кылууда - 32,4%, РС вирусу - 25,2%, I-IV парагрипп - 17%, башка вирустар 25,4% түзөт.

Республикада СOVID-19 инфекциясы боюнча жумалык мониторинг улантылып, 10-жумада Ош шаарында 1 учур катталды.

 

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

08.03.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда оңдоо жана курулуш иштери башталды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аянты 11 268 чарчы метр болгон 3 кабаттуу имаратынын курулушу 1995-жылдан бери, 30 жылдай убакыт бүтпөй келет.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүнчү даражадагы саламаттыкты сактоо уюму экенин белгиледи. «Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарылануу үчүн республиканын булуң-бурчунан жүздөгөн балдар кайрылышат жана жаңы курулуштун аркасында көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын мындан ары да жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деп баса белгиледи министр. Пайдаланууга берилгенден кийин имаратта гемодиализ борбору иштеп, эндокринология, нефрология бөлүмдөрү жана башка структуралар кеңейтилет. Белгилей кетсек, “Ас Сафа” фонду курулуш иштерин толугу менен каржылап, имаратты медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздайт. Эскерте кетсек, бул маселе 9-февралда КРнын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Кувейттин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана башкармалыгынын төрагасы Мухаммад Абдурахман Аль-Шаянын жолугушуусунда чечилген.

 

06.03.2024
Административдик-аймактык реформа. Бишкекте дагы бир тез жардам ооруканасы түзүлөт

2024-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасында болуп, анда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында оорукананы кайра уюштуруу маселеси эмгек жамааты менен талкууланды.

Министр белгилегендей, калкты тейлөө чөйрөсү жана тез медициналык жардам алгандардын саны жыл сайын өсүп жатат. Ушуга байланыштуу, жүргүзүлүп жаткан Административдик-аймактык реформанын(ААР) алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чүй ооруканасынын статусун “Облустук” статусунан “№2 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына” өзгөртүү чечимин кабыл алды.

Оорукана жетекчилиги министрге учурда ооруканада лор, көз, кардиологиялык, хирургиялык, урологиялык, травматологиялык, реанимация, амбулатордук диагностика, терапевттик, неврологиялык бөлүмдөрү бар экенин билдирди. Ошондой эле гинекологиялык жана балдар бөлүмдөрү бар. Оорукана 350 орунга ылайыкталган, анын ичине 70 орундук төрөт бөлүмү да кирет. Оорукананы алдыдагы кайра профилдештирүүнүн алкагында гинекологиялык жана төрөт бөлүмдөрүн бириктирүү менен орундардын санын көбөйтүү зарыл. Ошондой эле балдар бөлүмүн тиешелүү түзүмгө өткөрүү маселеси каралышы шарт. Дарыгерлердин, орто жана кенже медкызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл. Толук кандуу тез жардам көрсөтүү үчүн реанимациянын ар бир бөлүмүндө ангионеврологиялык жана кечиктирилгис жардам бөлүмүн ачуу, ошондой эле ар бир бөлүмгө Интенсивдүү терапия бөлмөлөрүн уюштуруу зарыл.

 

Иш сапардын жыйынтыгында министр Чүй облустук бириккен ооруканасынын жетекчилигине оорукананын мындан ары Тез жардам ооруканасы катары толук кандуу иштеши үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тиешелүү адистери менен оорукананын статусунун өзгөрүшүнө байланыштуу муктаждыктарды тез арада эсептеп чыгууну тапшырды.

05.03.2024
Бишкекте Балдар медициналык борборунун курулушу пландалууда

Бүгүн, 2024-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Кыргыз-Орус университетинин ректору Денис Фомин-Нилов жетектеген россиялык делегациянын жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушууда Кыргызстандагы балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүгү, атап айтканда, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин базасында Балдардын медициналык борборун түзүү долбоорун иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Ал 2023-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери менен Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлеринин ортосундагы жумушчу жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова тарабынан демилгеленген.

 

Долбоордун алкагында беш бөлүмдөн, анын ичинде кабыл алуу бөлүмү, диагностикалык жана лабораториялык бөлүмдөр, күндүзгү стационар жана физикалык терапия бөлүмдөрүнөн турган Балдар медициналык борборун куруу пландаштырылууда жана аны натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон жабдуулар менен жабдуу пландаштырылууда. 

 

Өз сөзүндө Алымкадыр Бейшеналиев кызматташууну алдыга жылдырууга жигердүү катышканы, орусия тараптын Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

«Биздин саламаттык сактоо тутумубуз Кыргыз Республикасынын балдар калкына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө болгон муктаждыктарыбызды канааттандыра турган мындай Борборго абдан муктаж, анткени церебралдык шал оорусу, омуртка шал оорусу булчуң амиотрофиясы жана нерв-булчуң системасынын башка оорулары менен балдарды эрте диагностикалоо, дарылоо жана реабилитациялоо үчүн балдар невропатологдоруна жана калыбына келтирүүчү адистерге өзгөчө муктаждык бар.

Биз кыргыз тараптын демилгеси россиялык тарап тарабынан тез арада колдоого алынганына абдан кубанычтабыз жана бул долбоор жакын арада ийгиликтүү ишке ашарына ишеним билдиребиз, бул биздин өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого карай кийинки кадам болуп калат», - деп белгиледи министр.

 

Денис Фомин-Нилов министрге кызыгуусу жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди. «Биз мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз жана Кыргызстанда саламаттыкты сактоону жакшыртуу боюнча сиздердин демилгеңизди ишке ашырууга салым кошууга даярбыз».

05.03.2024
КР Саламаттык сактоо министри Бонецкий лабораториясынын жетекчиси менен жолугушту

Бүгүн, 2024-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бонецкий лабораториясынын жетекчиси менен жолугушуу өткөрдү, анда мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринен изилдөөгө жөнөтүлгөн бейтаптар үчүн лабораториялык кызматтардын баасын төмөндөтүү планын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Келишимге ылайык, лабораториянын атайын жолдомосуменен барган бейтаптар үчүн лабораториялык изилдөөлөрдүн баасы 50% төмөндөтүлөт, ал бланктар мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарына лаборатория тарабынан берилет.

Ошентип, тараптар мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринин бейтаптары үчүн сапаттуу лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана бааларды олуттуу төмөндөтүүгө багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюуну макулдашты.

Министр белгилегендей, лабораториялык кызматтардын баасын олуттуу төмөндөтүү калктын кеңири катмарына медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо чоң мааниге ээ болот. Бейтаптар лабораториялык анализдерди арзан баада ала алышат, бул саламаттыкты сактоону жеткиликтүү жана натыйжалуу кылат. Ал ошондой эле медициналык адистер менен биргеликте этикага туура келбеген маркетингдик практиканын алдын алууга жардам берет, саламаттыкты сактоодогу ак ниеттүүлүк жана кесипкөйлүк принциптерин баса белгилейт жана медициналык мекемелер менен жеке лабораториялардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртат.

 

Маалымат үчүн: Бонецкий лабораториясы лабораториялык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин жүргүзөт: биохимиялык, жалпы клиникалык, гематологиялык, онкомаркерлери, ИФИ, ПЧР, иммунологиялык, инфекциялык оорулар, цитологиялык, коагулологиялык, микробиологиялык, гормоналдык жана генетикалык изилдөөлөр. Лаборатория дүйнөнүн эң ири өндүрүүчүлөрүнүн заманбап жабдуулары менен жабдылган (Abbott, США; High Technology, США; Sysmex Corporation, Япония; ДНК Технология; SNIBE; ж.б.). Бонецкий лабораториясы Кыргыз Республикасындагы жеке медициналык лабораториялардын ичинен ISO 15189 эл аралык стандартынын талаптарына шайкештигин аккредитациялоонун эксперттик баалоосунан өткөн жалгыз лаборатория болуп саналат.

04.03.2024
КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал

Оперативдүү маалыматтар боюнча 2024-жылдын 9-жумасында (26.02.-03.03.24) республика боюнча 6578 курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо учуру катталган (и.к. 92,7),

 

Мурунку жумага салыштырмалуу (8-жума и.к.76,8) +20,7% га жогору, бирок эпидемиялык босогодон -13,5% төмөн. Бардык ооругандардын 67%ы 14 жашка чейинки балдар.

 

Октябрь айынан бери бейтаптардан 1810 анализ алынган, лабораториялык жыйынтыктар боюнча эпидемиялык мезгил A/H3N2 тумоосу менен шартталууда.

 

5-жумадан баштап грипп вирусунун бөлүнүшү жок. Курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы бар, риновирус басымдуу кылууда – 32,6%,

РС вирусу – 25,1%, парагрипп I-IV – 17,2%, башка вирустар 25,1% түзөт.

 

Республикада COVID-19 инфекциясын жугузуп алуу боюнча жумалык мониторинг уланууда. 09-жумада 15 учур катталды (Бишкек – 8, Ош – 4,

Чүй облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 1).

 

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

03.03.2024
Жалал-Абад шаарында облустук балдар ооруканасынын жаңы имаратынын ачылышы болду

Бүгүн, 2024-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курулушу “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Министр өз сөзүндө энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи. «Президентибиз Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен Жалал-Абад облусунда көп жылдар каржы ресурстарынын жетишсиздигинен бүтпөй тургансаламаттыкты сактоо уюмдарынын бир катар объектилеринин курулушу жүрүп жатат. Бүгүн биз облустук балдар ооруканасынын имаратынын ачылышына күбө болдук, анда Жалал-Абад облусунун бардык райондорунан келген балдар жогорку квалификациялуу медициналык жардам ала алышат. Жалал-Абад облусунун калкынын саны 1 миллион 300 миң адамды түзсө, алардын 48 миң 786сын 14 жашка чейинки балдар түзөт, бул калктын 33,7%ын түзөт. Бул заманбап имарат жана медициналык жабдуулар балдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга чоң жардам берет деп ишенем», - деди министр.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фондуна жана Абдуллатиф Абдулазиз  Юсуф Алмузаинин мырзага адистештирилген балдар ооруканасын куруп, бардык керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыз кылгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: Балдар ооруканасынын курулушу 2022-жылы башталган. Жаңы имаратта 25 койкалуу хирургиялык бөлүм, 20 койкалуу травматология бөлүмү жана кыска мөөнөттүү стационардык бөлүм болот.