Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

18

05

2024

Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

18.05.2024

Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

18.05.2024

Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

21.01.2022
КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматынын кызматынын жетекчиси менен жолугушту

 Бүгүн, 2022-жылдын 21-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо жаатын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) башчысы,  башкы мамлекеттик санитардык врач Анна Попова менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосундагы калктын ден соолугун коргоо жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүү, анын ичинде биологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.


Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Россия тарапка көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, бүт дүйнө жүзү күрөшүп жаткан коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасына кошкон салымын баса белгиледи.  «Орус тарап ар кандай маселеде ишенимдүү өнөктөш болуп келген жана болуп саналат. Учурдагы биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз SARSCOV-2 жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылуу коркунучун азайтуу жана минималдаштырууга багытталган. Лабораторияларды заманбап жабдуулар менен жабдууга, өлкөбүздө жайылып жаткан коронавирустун бардык геномуна үзгүлтүксүз тереңдетилген филогенетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, адистерибиздин квалификациясын жогорулатууга, ПЦР-изилдөө топтомдору жана  Россия өндүрүмүндөгү вакциналардын бир нече партиясы түрүндө көрсөткөн техникалык колдоосуна ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Коомубуздун бакубаттуулугу үчүн мындан аркы тыгыз кызматташуунун уланарына ишенем», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.


«Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыз кылуу - биз ишке ашырып жаткан приоритеттүү жана гуманитардык багыт. Россия Федерациясынын ар түрдүү тармактардагы долбоорлорунун алкагында жеткирилген мобилдик лабораториялардын эффективдүү иштеши Кыргыз Республикасында диагностика жасоого олуттуу көмөк көрсөтүп жатканы бизди абдан кубандырат. Албетте, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар менен күрөшүү боюнча бир катар долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу , аларды чечүү жолдорун бирге табуу - Россия Федерациясындагы да, Кыргыз Республикасындагы да адамдардын ден соолугун сактоого багытталган. Ал эми мындай тыгыз кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшү биздин өлкөлөр үчүн өтө маанилүү», - деди Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматынын жетекчиси Анна Попова.


Ошондой эле дүйнөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, SARSCOV-2 вирусунун көптөгөн мутацияланган штаммдарынын пайда болушу жана коронавирус инфекциясына каршы аракеттенүүдөгү натыйжалуу алдын алуу чаралар талкууланды.


   

20.01.2022
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев: “Кардиологиялык борбордун базасында жаңы борбор түзүү мүмкүн эмес”

2022-жылдын 17-18-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлери менен жолугушту, анда борбордогу УКжТБнын имаратында жаңы «Республикалык пульмонология жана пост-ковиддик реабилитация илимий борборунун» түзүлүшү боюнча учурдагы кырдаал ж.б. маселелер талкууланды.

Кардиология борборунун кызматкерлери менен болгон жолугушууда жаңы борбор ачуунун максатка ылайыксыздыгын биргелешип талкуулап, бир пикирге келишип, маселе жөнгө салынды. Кызматкерлердин пикирин  уккандан кийин министр «борбордо борборду» уюштуруу мүмкүн эместигин чечти, ага байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин мурда чыгарылган бардык буйруктары жокко чыгарылды.

«Жаңы илимий борбор түзүү маселеси талкууланып жатканда Улуттук кардиология жана терапия борборунун мурдагы директору А.Сарыбаев жана профессор Т.Сооронбаев менен биргеликте «Республикалык пульмонология жана постковиддик калыбына келтирүү борборун уюштурууга болот» деген пикирге келгенбиз, бирок ал Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан тышкары түзүлүшү керек болчу.  Территория, кызматкерлерди жана мүлктү өткөрүп берүү менен борбордун ичинде жаңы илимий борбор түзүү тууралуу сөз болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес», - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле, министр борбордун директорунун милдетин аткаруучусу Мамыраим Жумабаевга бул маселени кыска мөөнөттө иштеп чыгып, коллективге жеткирүүнү тапшырды.

20.01.2022
Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мультидисциплинардык командалардын адистери COVID-19 менен ооруган бейтаптарга амбулатордук жана стационардык сапаттуу жардам көрсөтүүгө даяр

2022-жылдын 17-январынан тартып COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоонун сапатын жогорулатуу жана аларга каршы күрөштү күчөтүү максатында республикалык жана аймактык мультидисциплинардык командаларды (МДК) кайра окутуу жана тренингдерди өткөрүү башталды, анын курамына ар кандай адистиктер боюнча (инфекционисттер, пульмонологдор, реаниматологдор, педиатрлар, акушер-гинекологдор, эндокринологдор, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана башкалар) тажрыйбалуу дарыгерлер, ошондой эле медайымдар кирет. 

   

 Белгилей кетсек, МДК 2020-жылы КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана USAIDдин колдоосу менен түзүлүп, окутулган. Дал ушундай мамиленин аркасында ар бир облуста жана ири шаарларда дарыгерлердин жана медайымдардын күчтүү бригадалары уюштурулуп, алар COVID-19 менен ооруган бейтаптарга натыйжалуу жардам көрсөтүп, эң негизгиси COVID-19дан өлүмдү 2 эсеге кыскартууга, ошондой эле, айрыкча Кыргызстандын региондорунда врачтар менен медсестралар үчүн үзгүлтүксүз билим берүүнүн туруктуу системасын түзүү мүмкүн болду.

Окутуунун программасы кырдаалга мониторинг жана талдоо, COVID-19 Клиникалык протоколдун жаңы 6-версиясына ылайык амбулатордук жана стационардык деңгээлде COVID-19 менен ооругандарды дарылоо боюнча сунуштарды, кычкылтектин практикалык көндүмдөрү, терапия, эмдөө жана башкалар боюнча суроолорду камтыйт. .

17-январдан 20-январга чейинки мезгилде Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустарында МДКлар үчүн тренингдер жана окутуулар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адистери: башкы пульмонолог, проф. Талант Сооронбаев Т.М., башкы реаниматолог, доц. Гүлжан Жүзүмалиева жана башкы инфекционист, проф. Айнура Кутманова тарабынан жүргүзүлүүдө. Окутуу Баткен облусу, Нарын облусу, Ысык-Көл облусу, Талас облусу,Чүй облусу жана Бишкек шаарында улантылып, 2022-жылдын 30-январында аяктайт.

Амбулатордук жардам көрсөтүүнү уюштурууну күчөтүү жана өркүндөтүү үчүн Ош шаарын, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мультидисциплинардык командалар COVID-19 жана башка курч респиратордук инфекциялар боюнча онлайн консультация берүүгө даяр (дарыгерлердин тизмеси жана телефон номерлери тиркелет). Жакынкы арада ушундай онлайн консультациялар Кыргызстандын бардык аймактарында башка МДКлар тарабынан жүргүзүлүп баштайт.


Онлайн кеңеш берүү үчүн Ош шаарындагы COVID-19 боюнча Мультидисциплинардык команда 

1.       

Шарипбаева А.А

Терапевт

0772454949

2.       

Сооронбай уулу Сейтек

Терапевт

0222298888

3.       

Кабылбеков Улан

Пульмонолог

0555814071

4.       

Касымжанов Эржан

Терапевт

0771006069

5.       

Маматов Айбек

кардиолог

0557850000

6.       

Асанбеков Кыязбек

реаниматолог

0557106001

0557205555

7.       

Абдураимова Кандалат

анестезиолог

0778207455

0557190467

8.       

Сатвалдиева Чолпон

Семейный врач

0776798209

9.       

Бекмирзаева Наргиза

Семейный врач

0702570638

10.   

Матмусаев Хашимжон

реаниматолог

0552222243

11.   

Ибрагимов Мирлан

невропатолог

0551363536

12.   

Салиев Нурлан

кардиолог

0550609011

13.   

Абжалов Гагарин

Инфекционист

0773135945



Онлайн кеңеш берүү үчүн Ош облусундагы COVID-19 боюнча Мультидисциплинардык команда 

1.       

Эрмек уулу Дилшатбек

Реаниматолог

0554401110

2.       

Жакаева Айжаркын

Терапевт

0773754707

3.       

Кадырова Адалат Акимкуловна

Инфекционист

0773141367

4.       

Султаналиева Замира

Семейный Врач

0557345332

5.       

Газиева Эркинай

Семейный врач

0755196312

6.       

Сатыбаева Айпери

Семейный врач

0553006901

7.       

Абдуллаев Шайир

Инфекционист

0550354505

8.       

Сатыбалдыев Медербек

Инфекционист

0778084238

9.       

Султанова Манзуура

Семейный врач

0558080409

10.   

Камбаридин уулу Дамирбек

Пульмонолог

0773240459

11.   

Назаров Руслан

Реаниматолог

0778808002

12.   

Омаралиева Гулзада

Пульмонолог

0553838345

13.   

Закирова Жыпара

Инфекционист

0777612358

14.   

Мурзакулова Алтынай

Инфекционист

0773367473

15.   

Насиров Айбек

Реаниматолог

0550014378

16.   

Абдивали у Медеткан

Терапевт

0551259666

17.   

Абсамат у Канымет

Хирург

 

18.   

Орунбаев Асылбек

Хирург

0222623333

19.   

Насиров Айбек

Реаниматолог

0550014378

20.   

Абдыбали у. Медетбек

Терапевт

0700309461

21.   

Апсамат у. Канымет

Семейный врач

0773277511

22.   

Нурмамат у. Гулжигит

Хирург

0772 680967

23.   

Алтынбек к. Айпери

Терапевт

0227580909

24.   

Надиров Нурмухаммад

Реаниматолог

0554022204

25.   

Сулайманов Санжарбек

Реаниматолог

0553939113

26.   

Ахмадалиев Ойбек

Терапевт

0990110041

27.   

Абдибали у. Муратали

Анестезиолог-реаниматолог

0221714619

28.   

Шамшиев Бобиржон

Анестезиолог-реаниматолог

0552995659

29.   

Нышанов Абдумалик

Анестезиолог-реаниматолог

0558221145

30.   

Абдиев Адахан

Терапевт

0550563888



 

Онлайн кеңеш берүү үчүн Жалал-Абад шаарындагы жана Жалал-Абад облусундагы COVID-19 боюнча Мультидисциплинардык команда 

 

1.        

Жаманкулова Чынара

Инфекционист

0779742520

2.        

Исакова Аида

Пульмонолог

0778536126

3.        

Жээналиева Гульнара

Инфекционист

0777575365

4.        

Турдуматова Акшоола

Инфекционист

0777668540

5.        

Асанбекова Чолпон

Семейный врач

0702644508

6.        

Раева Катча

Инфекционист

0778179801

7.        

Аттокурова Чынара

Семейный врач

0778634324

8.        

Арзибаев Санжар

Реаниматолог

0770310292

9.        

Джусупова Гулшан

Семейный врач

0555183858

10.    

Иманкулов Абдыгалы

Реаниматолог

0552480576

11.    

Лим Марина

Реаниматолог

0551517095

12.    

Бахавидинова Гулумкан

Реаниматолог

0772868785

13.    

Абдубаитова Матлюба

Семейный врач

0773087700

14.    

Дастанбек у. Аскарбек

Хирург

0501071295

15.    

Турабекова Кызжибек

Инфекционист

0705130019

16.    

Сабырбеков Илимбек

Терапевт

0508111158

17.    

Алымкулова Анара

Семейный врач

0553003906

18.    

Азимбаева Орозбу

Терапевт

0772255942


19.01.2022
Чүй облусунун 9 миңге жакын тургуну көчмө мультидиагностикалык комплекстин кызматынан пайдаланды

Мобилдик мультидиагностикалык комплекс 2021-жылдын ноябрь айынан бери Чүй облусунун Кемин жана ага жакын райондордун тургундарын бекер медициналык кароодон өткөрүп келет.

Комплекстин ишине жооптуу адистердин айтымында, өткөн жылдын ноябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунун 9 миңге жакын тургуну мультидиагностикалык комплекстин адистери тарабынан бекер медициналык кароодон өткөн.

839 адам гинекологиялык кароодон, 1128 адам окулистке, 636 адам отоларингологго, 1014 адам невропатологго, 1009 адам кардиологго, 836 адам УЗИден, 144 адам стоматологго, 905 адам урологго, хирург дарыгерине 1236 адам кайрылган. Лабораториялык кызматтар 931 тургунга көрсөтүлдү.

Мындан тышкары 53 аял маммографиядан өтүп, 195 адам компьютердик томография кызматын колдонсо, 258 адам рентгенге тартылды.

Министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев белгилегендей, мультидиагностикалык көчмө клиника Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине оорулардын алдын алуу максатында калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө жардам берет. Ал эми мобилдүү мультидиагностикалык комплекстин ишке киргизилиши ведомствонун өлкө жарандарынын ден соолугун коргоо алкагындагы ишинин оң натыйжаларынын бири экенин баса белгиледи.

«Бардык ооруларды алгачкы баскычта аныктоо жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүү Саламаттыкты сактоо министрлигинин приоритеттүү багыттарынын бири. Мульти-диагностикалык комплекс дайыма эле жогорку технологиялык текшерүүлөрдөн өтө ала албаган айыл тургундарына баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө багытталган», - деди министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев.

«Аймактын тургундарын медициналык кароодон өткөргөн бардык медициналык кызматкерлер жергиликтүү адистерден алынган. Бул долбоор 5 жылга эсептелген, ал убактта биз Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарынын бардык тургундарын мульти-диагностикалык комплекстин кызматтары менен камтууну пландап жатабыз», - деди “Нормека Хелс Менеджмент” долбоорунун башкы директору Рони Карлсон.

Диагностикалык комплекс Кемин районунда 2022-жылдын февраль айынын аягына чейин жайгашып, андан кийин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген жана ушул убакыт аралыгында ИӨБ мобилдик клиниканы тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү майлар менен, ал эми дарыгерлерди айлык акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн кабинеттер, анализ жүргүзүү лабораториясы, КТ жана маммограф, операциялык бөлмө, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Мобилдик клиникалардын курамында калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да бар.

16.01.2022
Аймактардагы медицинанын абалы

"Баткен облустук бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору 2019-жылы салынып бүтүп август айында колдонууга берилген. Бүгүнкү күндө Баткен областы жана шаары боюнча 129 миң калкка медициналык жардам көрсөтөбүз. Жалпы 50 дарыгер эмгектенет.

Калк үчүн жана дарыгерлер үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, лабораторияга  чейин жаңы  жабдыктар орнотулуп, бир топ көйгөй  чечилди.

Заманбап медициналык  жабдыктын келиши менен  дарыгерлер атайын окутуулардан да өтүштү. Азыр  кыска аралыкта  компьютер аркылуу дартты  аныктап, оорулууну дарылоо жолу да өзгөртүлдү.

Азыр мында  бир гана жетишпестик, бул  кадр маселеси болуп турат",- дейт Баткен облустук бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Арзыбек Бөрүбеков

 

"Башкысы  борбор калаадагы ооруканаларда  жокко эсе болгон жабдыктар менен толукталды. Мисалы: компьютердик флюорография аппаратынын келиши  Баткендеги мурункудай кезек күтүү сыяктуу көйгөйлөрдү жойду.  Ал эми  Лор-комбайн аппаратынын келиши ишти бир топ жеңилдетти".

 

"Мурда  дарыгерлер союз убагынан калган эски  үлгүдөгү флюорограф аппараты менен  иштеп бир күндө болгону  20га  жакын жаранды  кабыл алууга мүмкүнчүлүк болгон.  Анын жыйынтыгын  бейтаптар эки күн күткөнгө туура келчү.

 

Ал эми учурдагы   медициналык  жабдыктардын баары санариптешкендиктен дарыгерлерге да кыйла жеңил болуп калды. Азыр  оорулуулардын  дартын компьютердин жардамында бат эле  аныктоого  шарт түзүлдү. Жыйынтыгын эки  мүнөттө  электрондошкон система  аркылуу чыгарып беребиз.

 

Анан дагы пандемиялык  кырдаалда да  Баткенде  рентген аппараты  тартыштыгы катталган жок. Анткени дал ушул жабдыктын жардамында  бир күндө 100 гө жакын жаранды кезексиз текшерүүгө мүмкүн болду",- деп кошумчалады борбордун жетекчиси А.Бөрүбеков

 

 

Лор-комбайн деп аталган аппарат бир жыл мурун министрликтин колдоосу менен келген. Бул аппарат оорулуунун көрүнбөгөн органдарын текшере алат. Мисалы, кулак , мурун жана  тамак  ооруларын компьютер аркылуу көрүп, дартын тез аныктаганга болот. Баткенде калктын саламаттыгын жакшыртуу  үчүн  көрүлүп жаткан шарттарга дарыгерлер эле эмес жергиликтүүлөр да  ыраазы болушууда",-дейт Баткен облустук бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Алчынбек Акматалиев  

 

Жергиликтүү    тургун  Кумуш   апанын  айтымында  ал  буга чейин  аймакта  медициналык  жабдыктардын тартыштыгынан  улам Ош шаарына барып  жеке  клиникалык  ооруканаларга  кайрылып турган.  Алар  көзүнө операция  жасоо үчүн  чоң суммада акча, каражат кетерин айтышкан. Бирок  70 жаштагы апа  жаңы  жабдыктардын келишин уккандан кийин  өз жеринде эле  операция жасатууга камынып жатканын белгиледи.


 

16.01.2022
Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү COVID-19 илдетин жуктуруп алган кош бойлуу аялдарды, төрөгөн айымдарды жана ымыркайларды дарылоого профилдештирилди

 Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын №2 инфекция бөлүмү Ош шаарында жана Ош облусунда COVID-19 жуктуруп алган кош бойлуу аялдарды, төрөт учурундагы аялдарды жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарылоо үчүн профилдештирилди. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын №2 инфекция бөлүмүнүн базасында COVID-19 жуктуруп алган кош бойлуу аялдарды, төрөт учурундагы жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарылоо үчүн эпидемияга каршы катуу режимдеги бөлүм жайгаштырылган.

2022-жылдын 15-январына карата «кызыл аймакта» 16 бейтап бар: алардын 8и кош бойлуу, 8и көз жаруу алдында. Экөөнүн абалы оор.

 Дарыгерлер тобунда инфекционист, акушер-гинеколог, анестезиолог-реаниматолог жана неонатолог бар. Башка тар адистиктеги дарыгерлердин консультациясы зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт. Онлайн консультация берүү үчүн мультидисциплинардык топ түзүлдү. Кош бойлуу аялдарды жана төрөт учурундагы аялдарды кабыл алуу жана ооруканага жаткыруу облустун акушердик жардам көрсөтүү боюнча координатору менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

Кош бойлуу жана төрөт алдындагы аялдарды медициналык кызматкерлердин сунуштарын аткарууну суранабыз.

COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн:

- физикалык аралыкты сактоо (1-1,5 метрден кем эмес);

- коомдук жайларда, өзгөчө имараттын ичинде жана коопсуз аралыкты сактоого мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынууга;

- кол гигиенасын сактоо. Аларды бат-баттан самын жана суу менен жууп туруңуз же спирттүү колду тазалоочу каражатты колдонуңуз.

- COVID-19га каршы эмдөө алуу;

- жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду жана мурунду чыканагыңыз же бет аарчы менен жабуу;

- Өзүңүздү жаман сезсеңиз, үйдө калыңыз.

Эгерде сизде дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, дем кысылып калса, дарыгерге кайрылыңыз.


     

15.01.2022
Парацетамол сезгенүүгө каршы таасир бербейт!

ПАРАЦЕТАМОЛ – дене табын түшүрүүчү жана ооруну басаңдатуучу дары, бирок анын сезгенүүгө каршы таасир бербейт!


Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, доцент, КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин фармкөзөмолдөө жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Жумагулова айтып берди. 


Парацетамолду колдонуу боюнча негизги сунуштар:


Алкоголдук ичимдиктер менен айкалыштырууга болбойт – бул боорго таасирин тийгизет!

Дарылоонун узактыгы: дене табын түшүрүү каражаты катары 3 күндөн ашык эмес, ооруну басаңдатуу каражаты катары 5 күндөн ашык эмес колдонуу керек.

Белгиленген дозадан ашырбоо зарыл!

Парацетамолдун ашыкча дозасы боордун иштебей калышына алып келиши мүмкүн!


Атайын көрсөтмөлөр:


⚪️Парацетамолду, башка курамында парацетамол бар дарылар менен бир убакта колдонууга болбойт, бул ашыкча дозага алып келиши мүмкүн.

⚪️Дарыны 5 күндөн ашык колдонууда кандын жана боордун көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө керек.

Ашыкча дозанын белгилери:

• теринин кубаруусу;

• жүрөк айлануу, кусуу;

• ич ооруу;


Ашыкча дозадан улам боордун функциясынын бузулушунун симптомдору 12-48 сааттан кийин пайда болушу мүмкүн. Өтө ашыкча дозаны колдонгондо боордун жетишсиздиги: энцефалопатияга, комага, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ал эми курч бөйрөк жетишсиздигинен аритмия, панкреатит өөрчүшү мүмкүн.

15.01.2022
Ош облусунда кургак учукка каршы кызматты оптималдаштыруу иштери жүргүзүлдү

 КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктарына ылайык, Ош облусунун кургак учукка каршы мекемелеринин керебет фондун оптималдаштыруу иштери жүргүзүлдү. Оптимизациядан кийин Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунун керебет фонду 135 койкага, Ош шаардык кургак учукка каршы балдар ооруканасында 70 койкага, Кара-Суу кургак учукка каршы ооруканасында 40 койкага кыскартылды.

Мындан тышкары Өзгөн жана Ноокат кургак учукка каршы ооруканалары жоюлуп, алардын имараттарынын базасында жугуштуу оорулар бөлүмдөрү ачылат.

Бул иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы “Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдарга кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнү оптималдаштыруу жөнүндө” токтомун ишке ашыруу, калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү максатында жүргүзүлүүдө.

 

Жүргүзүлгөн анализге ылайык, оптималдаштыруу чыгымдарды үнөмдөөгө алып келерин белгилейбиз. Бул каражаттар саламаттыкты сактоо системасында калат жана кургак учукка каршы дары-дармектерди сатып алууга, баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого, башка иштеп жаткан кургак учукка каршы уюмдардын инфраструктурасын жакшыртууга (оңдоо, керектүү жабдууларды, реагенттерди сатып алуу) ж.б. жумшалат.

  

11.01.2022
Ош шаарында COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар үчүн оорукана ишин жандантты

2021-жылы Ош шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан Ош шаарынын жана Ош облусунун калкына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча бир топ иштер аткарылды. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердигинде артыкчылыктуу багыттардын бири катары балдарга өзгөчө көңүл бурулду. Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын эски имараттары өткөн жылы капиталдык оңдоодон өтүп, анда ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыккан балдардын дарылануусуна бардык шарттар түзүлүп, капиталдык ремонттун жалпы бюджети 18 миллион сомдон ашык каражатты түздү.

Белгилей кетсек, 2020-жылы балдар инфекциялык ооруканасынын аймагында коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн тез курулуучу конструкциялардан 100 орундуу оорукана курулган. 2021-жылдан тарта Ош шаарынын коронавирус илдетине кабылган бардык тургундары бул ооруканада дарыланып келишет.

Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Бакай Акматовдун айтымында, эпидемиологиялык кырдаал жакшырганына байланыштуу COVID-19 менен ооруган акыркы бейтап эки айга жакын убакыт мурун айыгып, оорукана убактылуу ишин токтоткон.

Бүгүнкү күндө COVID-19 оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу оорукананын ишин 10-январдан баштап жандандыруу чечими кабыл алынды. «Оорулууларды кабыл алуу үчүн бардыгы даярдалган, керектүү жабдыктар, дары-дармектер, суюк кычкылтек бардык палаталарга жеткирилген, ошондой эле бейтаптарды кабыл ала турган медициналык кызматкерлер үчүн ЖКК жетиштүү. Ошондой эле, биздин оорукананын базасында «118» колл-борбору жана мобилдүү топ жарандардын кайрылуусу боюнча кеңеш берип, чакырууларга барып жардам көрсөтүп келүүдө», - деди Бакай Акматов.

Бүгүнкү күндө ооруканада 161 бала дарыланууда. Ооруканада функционалдык диагностика үчүн бардык керектүү жабдуулар (ЭКГ, УЗИ, санарип рентген аппараты) жана лабораториялык диагностика үчүн реагенттер бар.


12.01.2022
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында оор операцияларды жасоого шарттар түзүлдү

Ош облустар  аралык  бириккен клиникалык  ооруканасына  заманбап медициналык  жабдыктар коюлуп, баш мээнин кан-тамырларына татаал операцияларды жасоо  мүмкүнчүлүгү пайда болду. Андан сырткары мамлекеттин колдоосу менен  оорукананын бир нече бөлүмдөрү  оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп,  бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. 

 

 "Ош жергесинде баш мээге мындай татаал операциялар жасалчу эмес. Эми бейтаптар башка жакка барып, убара болбой, облустар аралык бейтапканага келе алышат. Биз баш мээнин кан-тамырларына операция жасап, бейтаптардын инсульт болуу коркунучун жокко чыгара алабыз”, - деди Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн  башкы дарыгери  Абдырахман Дүйшөбаев. Ал, баш мээдеги кан айлануунун жөнгө салышы инсульт коркунучун жөнгө саларын, ал татаал операциянын жардамында гана ишке ашырыларын кошумчалады. 

Мындан улам мурда мүмкүнчүлүгү барлар чет өлкөлөрдө дарыланып келишсе, каражаты жоктор тилекке каршы тагдырга моюн сунушчу. 

"Өткөн жылы  облустар аралык клиникалык ооруканага  жалпы наркы 20 млн сомдук  медициналык жабдыктарды орноттук. Анын жардамында уникалдуу операциялар жасала баштады. Баш мээнин кан-тамырларынан сырткары, жүрөккө операциялар жасалууда. Натыйжада 25 бейтапка кардиологиялык жардам көрсөтүп, оорудан арылттык", -  деди  Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жүрөк кан-тамыр хирургиясы  бөлүмүнүн башкы дарыгери Адылбек Жаанбаев. 


Бейтапканадагы жүрөк кан-тамыр хирургиясы үчүн мыкты шарттар түзүлүп, дарт аныктоо жана дарылоо мүмкүнчүлүгү жакшырды.

"Акыркы жасалган аракеттердин натыйжасында калктын саламаттыгын сактоо биз үчүн жеңилдеди десем жаңылышпайм. Мурда борбор калаага же кошуна мамлекеттерге барып жүргөн бейтаптар эми убара болбой калышты. Бардык операциялар өзүбүздө, арзан баада жасалып жатканына бейтаптар кубанып жатышат. Акыркы бир жылда  мамлекет тарабынан медицина тармагына олуттуу көңүл бурулуп жатат.  Республикалык боюжеттин жана эл аралык уюмдардын каржылоосу менен оорукананын 4 бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү", -  деди  Адылбек Жаанбаев. 

Ош облустар аралык бейтапканада жалпысынан  46 бөлүм бар. Медициналык уюм 952 орунга ылайыкташтырылган, көп профилдүү оорукана болуп саналат. Ал эми 46 бөлүмдүн ичинен 5 бөлүм түштүк региону боюнча  жалгыз болуп эсептегендиктен, ар кандай оор абалда бейтаптар келип түшөт, аларга ыкчам жардам крсөтүү үчүн 8 орун шарттары менен уюштурулган.

"Аталган ооруканада жылына Ош, Баткен Жалал- Абад облусунан келген 46 миңден ашуун  адам дарыланып чыгат.  Дартты аныктоо бөлүмүнө  120 миңден ашуун жаран кайрылат.  Калктын убарагерчилигин кыскартуу максатында   эми  дарыгерлер аймактагы  ак халатчандар  менен онлайн иштөөнү да жандантууда. Андан сырткары түштүк региону боюнча чоң оорукана болгондуктан бизде тиешелүү шарттар толук болушу керек. Ошол себептүү биз 2 жылдан бери саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу жана дүйнөлүк банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде эски корпусту оңдоп түзөөдөн өткөрүп, 2 бөлүмгө ыңгайлуу шарттарды түзүп алдык. Анын бири провизордук бөлүмү. Бул жугуштуу ооруларга шектелип түшкөн бейтаптардын кайсы оору менен түшкөнү аныкталып, абалы турукташканча медициналык жардам көрсөтө турган бөлүм. Экинчиси жугуштуу оорулар бөлүмү. Оңдоп-түзөө иштерине 4 млн 700 миң сом каражат сарпталды. Анын ичинде 1 млн 400 миң сому провизордук бөлүмгө жумшалды. Анткени келишимде Дүйнөлүк банктын эсебинен түшкөн каражат СOVID-19га каршы күрөшүү иштерине жумшалышы керек болчу", - деди Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Талант Арстанкулов.

            

14.01.2022
Кадамжай районундагы оптимизациянын натыйжалары

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2021-жылдын башынан тарта жүргүзүп баштаган оптимизациянын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун административдик жана финансылык бөлүмдөрү бириктирилген. Бүгүнкү күндө оптимизациянын жыйынтыгы кандай натыйжаларды берип жаткандыгын Баткен облусунун Кадамжай райондук ооруканасына үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору бириктирилип,  жалпы дарыгерлик практикалык борбору болуп түзүлгөн саламаттык сактоо уюмунун ишинин мисалында талдап көрсөк. Оптимизациянын натыйжасында элге керектүү деп эсептелген кошумча 3 бөлүм ачылган. Ошондой эле оптимизациянын негизинде Кадамжай районунда айына 500 миң сомдун тегерегиндеги  каражат үнөмдөлгөн. Ал каражаттар кайра ушул эле ооруканага керектүү дары-дармектер жана башка муктаждыгы үчүн жумшалат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев төмөнкүлөргө токтолду: "Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналивдин чечкиндүүлүгү аркылуу көп реформалар жасалууда. Алсак, өткөн жылы региондордогу аймактык ооруканаларга үй-бүлөлүк медицина борборлорун кошуу боюнча жүргөн оптимизация оң натыйжа берип жатканына күбө болуп жатабыз. Көп жылдан бери калктын саламаттыгына  кам көргөн мекемелердин байланышы үзүлүп, аймактык оорукана менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бири-бирине баш ийбей,  бейтаптарга ыңгайсыздык жаратып келген.  Азыр биз айрым жерде стоматологияны кошо эсептегенде үч мекеменин башын бириктирип бир уюмдун материалдык-техникалык базасы чыңдалып жатат."

14.01.2022
Противотуберкулезная помощь в Кыргызской Республике, рекомендации по повышению эффективности

    По данным Всемирной организации здравоохранения (ВОЗ), Кыргызская Республика входит в число 27 стран мира с высокими показателями множественной лекарственной устойчивости туберкулеза МЛУ-ТБ

В стране возникла необходимость создания пациент ориентированной и экономически эффективной модели.

          Согласно последним официальным оценкам ВОЗ (2020), уровень МЛУ-ТБ в Кыргызской Республике составляет 29% среди больных, впервые заболевших туберкулезом и 62% среди ранее леченных случаев туберкулеза. Необходимо отметить, что высокие показатели устойчивости к противотуберкулезным препаратам представляет серьезное препятствие для эффективного контроля эпидемии туберкулеза:

·       во-первых, по стоимости, лечение одного больного устойчивой формой туберкулеза составляет до 4000-6000 долларов. Для сравнения, стоимость лечения одного больного чувствительной формой туберкулеза – 100 долларов. 

·       во-вторых, продолжительность терапии до 24 месяцев, выраженные побочные эффекты вызывают сложности с организацией и завершением полного курса лечения, снижает успех лечения и способствует дальнейшему нарастанию лекарственной устойчивости.

·       долгое пребывание в стационаре повышает риск передачи внутрибольничной инфекции. ВОЗ рекомендует перевод на амбулаторное лечение пациентов с туберкулезом. Это связано с тем, что разработаны новые безъинекционные схемы лечения и удобно для пациента.

  

С целью повышения качества и эффективности противотуберкулезной помощи населению Кыргызской Республики, проведен анализ деятельности всех противотуберкулезных больниц страны. Результаты анализа за 2020г показали, значительную их неэффективность:

·     Деятельность противотуберкулезных больниц была эффективной только на 50% (% использования коечного фонда)

·     Работа койки составляет 170 дней в году (из 320 дней). С учетом вышеуказанного, койка пустует практически полгода. Среднее пребывания больного на койке - 73,8 дней (при стандарте 56 дней для повторных случаев, 44 для впервые выявленных случаев и 90 дней для лекарственно-устойчивых форм туберкулеза).

·     В большинстве ПТБ показатель выделяемой площади на 1 койку составляла 3-7 кв2, что свидетельствует о несоблюдении санитарно-эпидемиологических требований (норма 7,5 кв2 на одну койку для взрослого больного и 6,5 для детей больных туберкулезом) и созданию риска внутрибольничной инфекции. Большинство больниц, из-за устаревшей инфраструктуры лечебных зданий, не обеспечены инженерно-техническими мерами инфекционного контроля ТБ 

·     Нагрузка на одного врача-фтизиатра во всех противотуберкулёзных стационарах составляет 2-5 пациентов в месяц, что ниже утвержденных нормативов нагрузки - 8 взрослых больных и   6 детей больных ТБ.

·     Анализ штатных расписаний ПТБ показал значительную неоднородность в разрезе ПТБ, наличие необоснованных штатных единиц медицинского (гинекологи, стоматологи, окулисты др.) и немедицинского персонала (технические работники). 

   

          Принимая во внимание слабое материально-техническое состояние противотуберкулезных больниц и недостаточное соблюдение стандартов по минимизации внутрибольничной инфекции, создается риск внутрибольничного заражения устойчивыми формами туберкулеза.

 

Таким образом, с целью рационализации государственных средств, имеется основание для оптимизации сети противотуберкулезных стационаров и решения вопроса с противотуберкулезными больницами, показывающих крайне низкую эффективность.

Для эффективного снижения эпидемии туберкулеза, должен быть пересмотрен подход в организации противотуберкулезной помощи, необходимо перевести акцент от содержания противотуберкулезных больниц на покрытие реальных нужд пациента, обеспечение качественной диагностики и лечения, лекарственными препаратами, социальной поддержки на весь период длительного лечения.

 Распоряжением Правительства в 2017г. утвержден План действий по оптимизации системы оказания противотуберкулезной помощи населению Кыргызской Республики на 2017-2026 годы. 

Проведение реструктуризации противотуберкулёзных стационаров приведет к экономии средств в секторе здравоохранения.  Общий экономический эффект в краткосрочный  и начало среднесрочного периодов Плана оптимизации   составил 137,1 млн.сомов.  

          Сэкономленные средства от оптимизации противотуберкулёзных стационаров будут перенаправлены на:

-       укрепление первичного звена здравоохранения в противотуберкулезных мероприятиях, внедрение амбулаторного лечения, повышение качества выявления и диагностики, мотивация медработников в повышении качества услуг;

-       приобретение противотуберкулезных препаратов;

-       приобретение лабораторного оборудования и их техническое обслуживание;

-       приобретение расходных материалов и реактивов для диагностики туберкулеза;

 - содержание современной новой противотуберкулёзной больницы в г.Бишкек,

- улучшение материально-технической базы других противотуберкулезных стационаров, приведение в соответствие с требованиями инфекционного контроля в них.

 

 

 

 

 

 

14.01.2022
КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кургак учукка каршы күрөшүү кызматтарын оптималдаштыруу иши башталды

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы “Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдарга карата кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнү оптималдаштыруу жөнүндөгү” токтомун ишке ашыруу менен калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын уюмдарын оптималдаштыруу чечимин кабыл алды.


Баткен облусунун кургак учукка каршы оорулууларга кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын, керебет орун фондунун натыйжалуулугун талдоо оптималдаштыруу жана реструктуризациялоо зарылдыгын көрсөттү. Түзүлгөн орундар эффективдүү эмес пайдаланылгандыктан, финансылык тобокелчиликке дуушар болгон уюмдар бар, кээ бир ооруканалар инфекциялык көзөмөл стандарттарын сактабайт.


 Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыгып, ага ылайык Кызыл-Кыя шаарынын кургак учукка каршы райондор аралык ооруканасы жоюлган. Жоюлган кургак учук ооруканасынын имаратынын базасында Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмү ачылат, ал эми Кызыл-Кыя шаардык коомдук ден соолук борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу экинчи жерге  жайгаштырылат. Айылда жайгашкан, жоюлган кургак учук ооруканасынын башка имаратынын базасында. Кызыл-Булакта Кадамжайдагы жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмү ачылат. Ошондой эле Сүлүктү ЖДПБнун кургак учукка каршы бөлүмү жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайра түзүлөт.

Жүргүзүлгөн анализге ылайык, оптималдаштыруу чыгымдарды үнөмдөөгө алып келет. Бул каражаттар саламаттыкты сактоо системасында калат жана кургак учукка каршы дары-дармектерди сатып алууга, баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого, башка иштеп жаткан кургак учукка каршы уюмдардын инфраструктурасын жакшыртууга (оңдоо, керектүү жабдууларды, реагенттерди сатып алуу) ж.б. керектелет. 

Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практикалык борборунун жетекчиси Жыргалбек Ибрагимов төмөнкүлөргө токтолду:

“Кызыл-Кыя шаары боюнча жалпы 58 миң калк жашайт. Ал эми Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практикалык борборунун №3-4-Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун каттоосунда 10 миң жашоочу бар. 

Бизде буга чейин туруктуу имарат жок болгондуктан муниципиалдык имараттардын бир бөлүгүндө, тар орундарда көчүп-конуп  иштеп келгенбиз. 

Бул имаратка көчүп келгенибиз жалпы калк үчүн жана иштеген дарыгерлерибиз үчүн да ыңгайлуу болду. Себеби мурдагы имаратыбыз шаардын четинде жайгашкандыктан анын үстүнө жетиштүү шарттын жоктугу бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Азыр бул имарат шаардын ортосуна жакын жана кенен болгондуктан, дагы эки ҮДТн жайгаштырууну пландап жатабыз. Себеби бул эки этаждуу имаратта жалпы төрт Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иш алып барууга болот”.

12.01.2022
12-январга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, Кыргыз Республикасы “сары аймакта”, Бишкек шаары “кызыл аймакта”

Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекциянын биринчи учуру катталгандан бери 3 эпидемиологиялык өсүш болду: оорунун биринчи өсүшү 2020-жылдын июль айында байкалган, анда суткасына 1654 учур катталган, экинчи өсүү 2020-жылдын ноябрь айында болгон - күнүнө 606 учур катталган. 2021-жылдын апрелинен бери COVID-19га кабылгандардын эң жогорку чеги 1965 учурду түзүү менен үчүнчү жолку өсүү катталган.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын күнүмдүк мониторингине ылайык, акыркы 12 күн ичинде илдетке кабылгандардын өсүшү байкалды, бул төртүнчү толкундун башталышынан кабар берет. Акыркы 3 күндүн ичинде оорунун күнүмдүк өсүшү 30% түздү, ал эми акыркы күндөрү катталган учурлардын 60%ында оору жеңил жана симптомсуз.

Үстүбүздөгү жылдын 12-январына карата COVID-19 пандемиясынын башталышынан бери бардыгы болуп 186 878 учур катталды, анын ичинен 127 539у (68,2%) лабораториялык тастыкталган, 59 339 учур (31,8%) клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Региондор боюнча алып караганда оорунун жогорку деңгээлде жайылышы Бишкек шаарында (100 миң тургунга 89,9) жана Ошто (100 миң тургунга 29,1) байкалып, республикалык көрсөткүчтөн 4,2 жана 1,3 эсеге көп.

 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусологиялык референс лабораториясы тарабынан 2021-жылдын 25-декабрынан 2022-жылдын 5-январына чейин аныкталган жалпысынан 165 оң үлгү даярдалды. Вирустук көлөмү жогору болгон үлгүлөр тандалып алынып, Улуттук фтизиатрия борборунун референс лабораториясына секвенирлөөгө жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасындагы секвенирлөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча 2 изоляттан Omicron штаммы табылды, алар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылгандарга таандык.

12-январга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, Кыргыз Республикасы сары аймакта, Бишкек шаары кызыл аймакта, ошондуктан төмөнкү чараларды күчөтүү зарыл:

-калк арасында эмдөө менен камтууну, анын ичинде бустердик дозаны жогорулатуу;

- коомдук жайларда (өзгөчө коомдук транспортто, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында ж.б.) эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү;

- чектөө чараларын киргизүү жана ишке ашыруу.

14.01.2022
Адам репродукциясы кыргыз илимий борборунда үч эм төрөлдү

Репродукция борборунун директору Нургүл Шоонаева билдиргендей, Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну 2022-жылдын 13-январында саат 15:30да АДКИБга 34 жума 5 күндүк кош бойлуулук диагнозу менен түшкөн. Үч эм. Ал кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнө жаткырылган. Экинчи кош бойлуулук, экинчи төрөт. Кош бойлуу аял преэклампсия оорусуна байланыштуу ошол эле күнү шашылыш кесарево операциясына алынган.

Бир уул, эки кыз төрөлдү. Биринчи баланын (уулдун) салмагы 2150,0 гр, экинчи ымыркайдын (кыздын) салмагы 2250,0 гр, үчүнчү баланын (кыз) салмагы 1850,0 гр.


«Операция техникалык кыйынчылыктарсыз өттү. Учурда көз жарган эг реанимация бөлүмүндө, абалы туруктуу. Балдар бөлүмүндө жаткан ымыркайлардын абалы орточо туруктуу. Эне жана балдардын абалына динамикалык мониторинг жүргүзүлүүдө», — деди Нургүл Шоонаева.

14.01.2022
"Омикрон" эмнеси менен кооптуу жана анын кандай белгилери бар?

Omicron вирустун жугуштуулугун жогорулатат, рецепторлор менен байланышты жогорулатат, вирустун клеткаларга киришин жогорулатат, инфекциянын көбөйүшүнө таасирин тийгизет. Ошондуктан, коронавирустун жаңы версиясы чындап эле олуттуу тынчсызданууну жаратат да, дароо жана ар тараптуу изилдөөнү талап кылат.

Дельта штаммынан келип чыккан симптомдордон айырмаланып, "омикрон" менен ооруганда алсыздык жана баш оору көбүрөөк тынчсыздандырат, жыт сезүү алда канча азыраак жоголот жана даам сезүү өзгөрөт. Симптомдору жалпысынан бизге көптөн бери белгилүү болгон сезондук курч респиратордук вирустук инфекциялардын белгилерине көбүрөөк окшош: дене табынын 38°Сге чейин көтөрүлүшү, кээде андан да жогору, булчуңдардын жана муундардын оорушу, мурундун бүтүшү, мурундун агышы, тамактын оорушу, чүчкүрүү , жөтөлүү, табитти жоготуу. Кээ бир оорулуулардын дене табы төмөндөп, балдарда исиркектер пайда болот. Ооругандардын көбү инфекцияны жеңил түрдө алып жүрүшөт. Бирок, вирустун жаңы версиясынын өзгөчөлүктөрү анын адамдар арасында тезирээк таралышына өбөлгө түзбөстөн, бронханы жана өпкөнү тезирээк жана активдүү жабыркашына алып келет, бул мурунку штаммдарга караганда "омикронго" олуттуу мамиле кылуунун зарылдыгын тастыктайт.

 

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын күндөлүк мониторингине ылайык, акыркы 12 күндө ооруга чалдыккандардын санынын өсүшү байкалды, бул төртүнчү толкундун башталышынан кабар берет. Акыркы 3 күндүн ичинде оорунун күнүмдүк өсүшү 30% түздү, ошол эле учурда акыркы күндөрү катталган учурлардын 70%да оору жеңил жана симптомсуз.

 

Региондор боюнча алганда, жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында (100 миң жашоочуга 193,9), республикалык көрсөткүчтөн 4,5 эсе ашык, жана Ошто (100 миң жашоочуга 30,1) катталган.

 

Кыргыз Республикасындагы секвенирлөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча 2 изоляттан «Омикрон» штаммы табылды, алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып  жаткан бейтаптардан алынган изоляттан табылган.

 

13-январга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, Кыргыз Республикасы сары аймакта”, Бишкек шаары кызыл аймакка” кирди, андыктан төмөнкү чараларды күчөтүү зарыл:

 

-калк арасында эмдөө менен камтууну, анын ичинде бустердик дозаны жогорулатуу;

 

- коомдук жайларда (өзгөчө коомдук транспортто, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында ж.б.) эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү;

 

- чектөө чараларын киргизүү жана аны ишке ашыруу.

13.01.2022
Бардык каалоочуларга COVID-19га каршы вакцинанын бустердик дозасы менен эмдөө жүргүзүлөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2021-жылдын 16-декабрындагы коллегиясынын чечими менен республиканын калкынын Кыргыз Республикасында SARS-CoV-2 менен шартталган коронавирустук инфекцияга каршы иммундук реакциясын жогорулатуу максатында калкты коронавируска каршы иммунизациялоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча методикалык сунуштар жаңыланды.

 

              Өзгөртүүлөргө ылайык, 2021-жылдын 20-декабрынан баштап республиканын бардык аймагында мурда COVID-19га каршы алгачкы эмдөөнүн толук курсунан өткөн бардык каалоочу жарандарды бустердик доза менен эмдөө башталды.

 

             Зарыл болгон учурда COVID-19га каршы вакциналардын бустердик дозасын алууну каалаган жарандар үчүн кошумча эмдөө пункттары ачылат. Калкты бустердик доза менен эмдөөгө тартылган медицина кызматкерлерин онлайн окутуу жүргүзүлүүдө.

 

Бустердик дозаларды алган адамдар тууралуу маалымат эмдөөлөрдүн электрондук сертификатын түзүү менен vc.emed.kg системасына киргизилет. Ошондой эле, vc.emed.kg системасында «Вакциналардын жана керектелүүчү материалдардын кыймылын кампалык эсепке алуу» кичи тутумун түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

 

Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, жарандардын үч категориясы гана кошумча дозаны ала алышкан: 60 жаштан ашкандар, медицина кызматкерлери жана иммундук жетишсиздиги бар адамдар.

 

 

 

Маалымат үчүн:  

 

Вакцинанын бустердик дозаларын 6 айдан ашык мурда COVID-19га каршы баштапкы эмдөөнүн толук курсун алган республиканын бардык жарандары ала алышат;

Бустердик дозаларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген бардык вакциналар менен алууга болот;

 

Бустердик дозалар менен эмдөө Кыргыз Республикасындагы колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт;

 

Вакциналардын бустердик дозаларын жарандар COVID-19га каршы вакциналар менен эмдөөлөрдүн биринчи сериясын алгандыгы жөнүндө тастыктоочу документтерди көрсөтүү менен ала алышат;

 

Бейтаптар алган бустердик дозалар жөнүндө маалымат vc.emed.kg системасына COVID-19га каршы профилактикалык эмдөө сертификатын түзүү менен киргизилет.

 

Бустердик доза үчүн эмдөөнүн гетерологиялык схемасын колдонуу менен COVID-19га каршы вакциналарынын төмөнкү комбинациялары мүмкүн.

 

Эгерде эмдөөнүн алгачкы сериясында Vero Cell вакцинасы колдонулган болсо:

 

Vero Cell (1 жана 2 доза) + Astra Zeneca (1доза)

Vero Cell (1 жана 2 доза) + Pfizer (1 доза)

Vero Cell (1 жана 2 доза) + Moderna (1доза)

Vero Cell (1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)

Vero Cell (1 жана 2 доза) + Sinovac (1 доза)

 

 

Эгерде эмдөөнүн алгачкы сериясында Спутник V вакцинасы колдонулган болсо:

 

Спутник V (1 жана 2 доза) + Astra Zeneca (1 доза)

Спутник V (1 жана 2 доза) + Pfizer (1 доза)

Спутник V (1 жана 2 доза) + Moderna (1 доза)

Спутник V (1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)

Спутник V (1 жана 2 доза) + Vero Cell (1 доза)

Спутник V (1 жана 2 доза) + Sinovac (1 доза)

 

Эгерде эмдөөнүн алгачкы сериясында Astra Zeneca вакцинасы колдонулган болсо:

 

Astra Zeneca (1 жана 2 доза)  +  Pfizer (1 доза)

Astra Zeneca (1 жана 2 доза) + Модерна (1 доза);

Astra Zeneca (1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)

Astra Zeneca (1 жана 2 доза) + Vero Cell (1 доза)

Astra Zeneca (1 жана 2 доза) + Sinovac (1 доза)

 

Эгерде эмдөөнүн алгачкы сериясында Pfizer вакцинасы колдонулган болсо:

 

Pfizer (1 жана 2 доза)  +  Astra Zeneca (1 доза)

Pfizer (1 жана 2 доза) + Модерна (1 доза);

Pfizer (1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)

Pfizer (1 жана 2 доза) + Vero Cell (1 доза)

Pfizer (1 жана 2 доза) + Sinovac (1 доза)

 

 

 

Эгерде эмдөөнүн алгачкы сериясында Модерна вакцинасы колдонулган болсо:

 

Модерна (1 жана 2 доза) + Astra Zeneca (1 доза)

Модерна (1 жана 2 доза) + Pfizer (1 доза);

Модерна (1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)

Модерна (1 жана 2 доза) + Vero Cell (1 доза)

Модерна (1 жана 2 доза) + Sinovac (1 доза)

 

Эгерде эмдөөнүн алгачкы сериясында QazVac вакцинасы колдонулган болсо:

 

QazVac (1 жана 2 доза) + Astra Zeneca (1 доза)

QazVac (1 жана 2 доза) + Pfizer (1доза)

QazVac (1 жана 2 доза) + Moderna (1 доза)

QazVac (1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)

QazVac (1 жана 2 доза) + Sinovac (1 доза)

QazVac (1 жана 2 доза) + Vero Cell (1 доза)

 

 

Эгерде эмдөөнүн алгачкы сериясында Sinovac вакцинасы колдонулган болсо:

 

Sinovac (1 жана 2 доза) + Astra Zeneca (1 доза)

Sinovac (1 жана 2 доза) + Pfizer (1доза)

Sinovac (1 жана 2 доза) + Moderna (1 доза)

Sinovac (1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)

Sinovac (1 жана 2 доза) + Vero Cell (1 доза)

12.01.2022
Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» комплексинин ички жасалгалоо долбоору даярдалууда
«Алтын балалык» реабилитациялык комплексинде оңдоо-курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Жакын арада ички жасалгалоо долбоору Мамархкурулушка жөнөтүлөт. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова билдирди.
 
Анын айтымында, министрликтин жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистеринен турган топ бөлүмдөрдүн жайгашкан жерин аныктоо үчүн жерине барышкан.
 
«Буга чейин биз чийме боюнча иштечүбүз. Бүгүн жана эртең адистердин тобу менен биргеликте филиалдардын жайгашуусун биротоло чечебиз. Жума күнү биз даяр долбоорду Мамархкурулушка жөнөтүүнү пландап жатабыз, андан кийин борбордун ичин реконструкциялоо иштери башталат», - деди Жусупбекова.
 
«Алтын Балалык» реабилитациялык комплекси сегиз блоктон турат, анда кардиохирургия бөлүмү Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институтунун бөлүмдөрүнүн бири катары, балдарды реабилитациялоо бөлүмү (УЭжБКБ), гинекология бөлүмү (АРКИБ), COVID менен ооруп айыккандар үчүн реабилитациялык бөлүм жана медайымдык тейлөө бөлүмү болот.
 
Мындан тышкары долбоордо көп убакыттан бери реабилитациялык дарылоодо жаткан балдар үчүн ашкана, кир жуучу жай жана окутуучу класстар каралган. Ошондой эле лабораториясы бар консультативдик, клинико-диагностикалык бөлүмдөр жана башкалар болот.
 
Комплекстин расмий ачылышы 2022-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоо күнүндө күтүлүүдө.

12.01.2022
Республиканын алыскы райондорунун жашоочуларына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда республикалык бюджеттен 1,9 млн сомго сатылып алынган ЛОР-комбайны бар. «Бул кулак, тамак жана мурун ооруларын аныктоочу ультра заманбап эндоскопиялык аппарат. Аппарат спрей, соргуч жана жылыткыч менен жабдылган. Ошондой эле, аппараттын эндоскоптору бар, анын жардамы менен дарыгер кекиртек менен кулакты көрө алат. Мындай заманбап жабдуулар республиканын айрым гана саламаттык сактоо уюмдарында бар. Баткен районунун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылуудабыз”,-деди Баткен облустук ҮМБнун директору Арзыбек Бөрүбеков.

11.01.2022
Ош облусундагы наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борбору бирикти
 2022-жылы КР Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы демилгелеген реформасынын негизинде Ош облусундагы наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борбору бирикти.
Жогоруда аталган медициалык жайлар Ош облустук психиатрия жана наркология борбору болуп бириктирилгени менен олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок.
Ошол эле бюджет жана керебет орундар болот.
 "Ош облустар аралык наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борборунун биригиши кызматкерлер үчүн ыңгайсыздык жаратпайт. Себеби, бул реформа өзү акыркы 5 жылдыкта боло турган процесс болчу. Анткени бизге саламаттык сактоо министрлигинин чыгарып берген буйруктары, мыйзамдары окшош. 
Бизде мурда кандай багытта иштер жасалса, азыр деле бардык дарыгерлер, медайымдар жана тартип сакчылары ишин өзгөртүүсүз уланта беришет.
Биздин мурдагы аталышыбыз "Ош областтык психикалык ден соолук борбору" калк арасында психикалык саламаттыгы бузулган бейтаптарды карачубуз, ал эми экинчи жагы "Ош областтык, областтар аралык наркология борбору" бул аракечтик жана наркоманиядан жабыркаган адамдарды кабыл алып, реабилитация жүргүзүүчү мекеме болчу.

Албетте, бир аз кыскартуу иштери административдик башкаруучу кадрларга таасирин тийгизди, эгер алар ишсиз калса мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп берилет, бирок менимче ишсиз калышпайт, себеби бизде айрым дарыгерлер жетишсиз болгондуктан алардын ордуна эле толуктап алганга даярбыз. 
Ал эми айлык-маяна маселесине келсек административдик башкаруу бөлүмүнүкү көтөрүлдү. Бул нерсе мисалы, биздин алган айлыгыбыз 7 миң сом болсо жумуштан сырткары, келтирилген оорчулук үчүн, айлыктан сырткары дагы 50%ы кошумча төлөнүп берилет деген сөз.
Эки борбордун биригүүсүнүн жакшы жери карапайым калк үчүн да өзгөчө шарт түздү. Себеби, айрым юридикалык документ иштерине психиатрия борборунан, наркология борборунан өз-өзүнчө маалым кат (справка) алуусу керек болгон учурлар бар эле, ал үчүн эки башка жерге барып, архивди издеттиргенге да көп убакыт кетчү, азыр болсо бир жерден алат жана биз архивдеги маалыматтардын баарын электрондук каттоо системасына киргизип бүттүк. Электрондук каттоого өткөнүбүздүн дагы бир себеби бизде каттоодо алынган жарандардын маалымдама кагаздары эреже боюнча 75 жылга чейин сакталышы керек.
Азыр документти ашып кетсе 5 мүнөт аралыгында бүтүрүп беребиз, мурда бир бейтапка 35-40 мүнөткө чейин убакыт коротчубуз. 
Ошондой эле бизде онлайн кеңеш берүү бөлүмү да бар, ал жерге байланышка чыгуу үчүн "Кактус Медиа" сайтына ж.б ЖМК дарек номерлерибизди бергенбиз. Ал жерде дагы онлайн кеңеш берүүлөрдү жүргүзөбүз.
Бул мүмкүнчүлүктөрдүн баары бизге жана калкка да өтө ыңгайлуу шарт болду деп айта алам.
Ошондой эле  жаңы түзүлгөн борбордогу орундардан дагы кыскарган жок", -деп билдирди Ош облусунун психикалык жана наркология борборунун директорунун орун басары Нурланбек Акпышаров.