09.11.2023

Түйүлдүк үчүн микронутриенттердин жетишсиздигинин кесепеттери

Кош бойлуу мезгилде аялдын организми көбүрөөк аш болумдуу заттарды, витаминдерди жана микронутриенттерди талап кылат. Бул заттардын организмде жетишсиздиги кош бойлуулуктун татаалдашууларына алып келиши, аялдын дагы, болочок баланын ден соолугуна дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Кош бойлуу аял көпчүлүк аш болумдуу заттарды жана витаминдерди тамак-аш аркылуу алат, ошондуктан кош бойлуу учурда туура тамактануу керек. Бирок организмдин айрым заттарга, мисалы, фолий кычкылы, темир, йодго болгон керектөөлөрүн камтуу үчүн аларды кошумча ичүү зарыл.